Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Европа Биримдигинин пикиринде, Иракты калыбына келтирүү иштеринде негизги мааниге Бириккен Улуттар ээ болууга тийиш


Европа Биримдигинин эки күнгө уланган бийик жолугушуусу 17-апрелде Афина шаарында аяктады. Саммитке Биримдикке мүчө 15, ага кошулуп жаткан 10 жана дагы 15 өлкөнүн лидерлери катышты. Уюм жетекчилигинин айтымында, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү иштерине Европа Биримдиги жигердүү катышат жана бул жараянда негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болууга тийиш. Биримдикте азыр төрагалык кылган Грекиянын премьер-министри Костас Симитистин айтымында, ага Улуу Британия да макул: "Бириккен Улуттардын Ирак иштерине катышуусун Америка Кошмо Штаттары менен боло турган сүйлөшүүлөрдө чечүү керек, бирок бул маселе боюнча Улуу Британиянын да пикири маанилүү жана Британия биздин оюбузга негизинен макул болду".
Саммит учурунда 10 кандидат өлкө Биримдикке мүчө болуп кирүү боюнча келишимдерге кол койду.

XS
SM
MD
LG