Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:29

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жакында Сирияга барат


Сириянын тышкы иштер министри Фарук Шараа 17-апрелде атайын билдирүү жасап, өлкөгө эч кандай эл аралык текшерүүчүлөрдүн келишине уруксат берилбейт деп билдирди. АКШ жетекчилери жакында Дамаскты күнөөлөп, Сирияда химиялык курал бар деп чыккан. 16-апрелде Сирия Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине атайын сунуш киргизип, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин эч биринде кеңири кыруучу курал болбошу керек деген демилге көтөрдү. Расми эмес түрдө Израилдин өзөктүк куралы бар. Жакын арада Дамаскка АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келүүгө даярданууда. Фарук Шараанын айтымында, Пауэллди кабыл алууга Сирия даяр: "Пауэлл Дамаскка келем десе, биз аны тосуп алабыз, анткени биздин эки өлкө ортосунда диалог жүргүзүү абдан маанилүү. Андай сүйлөшүү биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн гана эмес, бүткүл Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн пайдалуу болот".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG