Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Ирактагы талап-тоноолор менен байланыштуу, АКШнын президенттик комиссиясынын төрагасы кызматынан чегинди


АКШ президентинин алдындагы маданий мурастар боюнча комиссиянын төрагасы Мартин Салливан 17-апрелде өз кызматынан чегинди. "Ройтерс" маалымат агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Салливан Багдад шаарындагы Улуттук музейдеги асыл нуска буюмдардын талап-тонолушуна америкалык жетекчилик жол бергенине ал макул эмес. Салливандын айтымында, согуш алдын ала даярдалган жана америкалык аскерлер шаарды талоондо калтырбашы керек болчу. Эксперттердин айтымында, музейди карапайым адамдар тонобостон, ал профессионалдар тарабынан каракталган. Андан тышкары, Багдаддагы Улуттук китепкана дагы өрттөлүп жок болду. АКШнын Федералдык тергөө бюросу Иракка өз адистерин жиберип, талап-тоноолор боюнча тергөө жүргүзө баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG