Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ЖАЛАЛАБАД ОБЛУСУНДА «ХИЗБ УТ-ТАХРИР» УЮМУНУН АРАКЕТИ КҮЧӨДҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларындагы тартип сакчыларынын активдүү аракеттеринен улам бар-жогу билинбей кеткен «Хизб ут-тахрир-ал-Ислами» уюмунун, кыргызча айтканда «Исламды боштондукка чыгаруу партиясынын» иши соңку айларда Жалалабад облусунда кайра жанданды. Анын баш көтөрүшүн айрымдар Ирак согушу менен байланыштырса, бул уюмга сырттан акча келээринен күмөн санагандар да бар. Жашыруун партиянын мүчөлөрү аны жокко чыгарышат. Дагы бирөөлөр болсо Баткен аймагына террорчулар кол салганда туулуп-өскөн Кыргызстанын коргоого чыкпагандар эми Иракка жан тарткандыгына таң калышат.

Облустун Жалалабад шаары менен Сузак жана Базаркоргон райондорундагы эл көп жашаган көчөлөргө өлкөдө расмий катталбаган «Хизб ут-тахрир» же «Исламды боштондукка чыгаруу партиясынын» түрдүү мазмундагы баракча-плакаттарды илиши адатка айланууда. Облустун борборундагы Ленин жана Барпы сейилбагына, Эркиндик көчөсүнө илинген, чоң тамгалар менен жазылган баракчаларда акыркы күндөрү кыйла басандаган Ирак согушу боюнча АКШны айыптаган сөздөр, жергиликтүү бийликке союн сунбай, «Ислам Халифатын» орнотууга чакырыктар жазылган. Базаркоргон районунда өткөн жумада түн ичинде белгисиз бирөөлөр райондук администрациянын жыйындар залынын дубалына кызыл боек менен АКШны айыптаган сөздөрдү жазып кетишкен. Дөңсөөдө турган райондук мечитке да базар менен автобекетке келген адамдар ыраактан көрүшү үчүн кызыл тамгалар менен «азыркы бийлик өкүлдөрү - акимдерге баш ийбей, ислам бийлигин жактоого» чакырык жазылган.

Облуста диний экстремизмге каршы казы, имам-молдолордун, тартип коргоо уюмдарынын, жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда түшүндүрүү жыйыны өткөрүлүп, Базаркоргон районундагы чогулуш жашыруун партияны айыптаган кайрылуу кабыл алынган. Укук коргоо уюмдарынын жетекчилери «бул уюмдун эл ичинде таасири жок, калкыбыз кимдин ким экендигин айрымалап калды» деп эсептешет.

Ал эми облустун прокурору Айбек Тургунбаевдин пикири боюнча, «Исламды боштондукка чыгаруу партиясынын» мүчөлөрүн камап, коркутуп-үркүтүп отуруп, аны жайылтпай коюу кыйын:

- Андыктан коомчулук өзү дагы, диний ишмерлер дагы, башка мамлекеттик структуралар дагы мындай иштерге каршы туруп, элге туура түшүндүрүү боюнча аракет көрүшү керек. Себеби жалаң эле тартип коргоочуларга бардык милдетти жүктөп коюш мүмкүн эмес.

Прокурордун бизге берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери дин аралык кастыкка үндөгөн баракчаларды таркатышкан адамдарга каршы 14 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен жашыруун партиянын 10 мүчөсүнүн иши сотко өткөрүлдү. Калганы башка жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып беришкенден кийин коё берилди. Өткөн жылдын ноябрь айынан кийин бар-жогу билинбей калган жашыруун партиянын кайрадан баш көтөрүшүн Ирак согушуна байланыштырып, аны уюм мүчөлөрүнүн ирактык мусулмандарга боордоштук сезими ойгонгондугунан жана турмуштун оорчулугунан көргөндөр да жок эмес.

Айрым адамдар «хизбуттахрирчилерге» сырттан акча келет деп ойлошсо, башкалары 4 жыл мурун Баткен аймагына жоо келгенде туулуп-өскөн Кыргызстанын коргоого батынбаган адамдардын эми өлкөбүздөн кыйла алыс турган Иракка жан тартышканына таң калышат. Облустук бийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси, облкеңештин депутаты Садырбек Качкынбаевдин бул жагдайдагы ою мындай:

- Жума Намангани баштаган немелер келгенде, кыргыз мамлекетинин тынччылыгы, биримдиги жөнүндө булардан эч кандай демилге болгон жок. Алардын аты-жыты да болгон эмес.

Жалалабад шаарынын тургуну, «Хизбут-Тахрир» уюмунун 1999-жылдан берки мүчөсү, эч жерде иштебеген жогорку билимдүү инженер Султанбек Бадалов сырттан акча келээрин четке какты. «Кагаз алууга, баракчаларды чыгарууга каражатты кайдан аласыңар?» - деген суроомо жашыруун партиянын 1997-жылдан берки мүчөсү, жумушу жок Хайрулла Хамракулов:

- Ар бир мусулман өзү тапкан акчанын ондон бирин өзү ажыратып бериш керек, - деп жооп берди.

Ал мурда Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, диний кастыкты козгогондугу үчүн 1 жыл түрмө абагына кесилип, убактылуу тергөө абагында 4 ай отуруп чыккан.
XS
SM
MD
LG