Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

“ЛИБЕРАЛДЫК ОРУСИЯ” ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ КИШИ КОЛДУУ ӨЛДҮ


Муса Мураталиев, Москва 17-апрель күнү бешим ченде эшигинин алдынан жалданма киши аткыч демократ Сергей Юшенковду атып кетти.

Бейшемби күнү бешим ченде Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Юшенков үйүнө келип машинеден түшүп атканда, алдын торой чыккан бирөө тапанча менен аткылап качкан. Тамай тийген октон депутат ошол жерде эле жан берген. Кимдир-бирөөлөр аны саясий себептен улам киши жалдап аттырып салды деген божомол ушул тапта арбын айтылууда. Кийинки жылдары Мамдуманын депутаттарына кол салуу сейрек окуя болбой калды. Алардын ичинен курман болгон сегизөөнүн бири - Сергей Юшенков.

“Либералдык Орусия” партиясын түзүп, аны кечээ, 17-апрель күнү, Укук (юстиция) министрлигинен расмий каттоодон өткөрүп чыккан маркум Сергей Юшенков тууралуу президент Владимир Путин мындайча баасын берди:

- Сергей Юшенков… азыркы замандын таанымал саясатчысы, демократиялык эркиндик менен идеалдарды коргоону өзүнүн милдети деп эсептеген инсан болчу.

Бозгунчулукта Лондондо жүргөн орус олигархы Борис Березовский маркум саясатчы тууралуу орусиялык «Россия» сыналгы каналы аркылуу бейшемби күнү кечинде мындай деп чыгып сүйлөдү:

- Мен азыр эле “РИА-Новости” таркаткан маалыматты окудум. Анда президент Путинге Мамлекеттик думанын депутаты Юшенковдун белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабарланды деп жазылган. Менин оюма кимдир бирөө өлтүргөндүгү тууралуу кабар айтылдыбы же аны өлтүрүү иши жүзөгө ашырылгандыгы тууралуу билдирүү жасалдыбы деген суроо келди.

Мамдуманын депутаты Владимир Лысенконун пикирине караганда, «Юшенков коммунисттерди ийинине кийире сындап, президентти катуу сынга алып келген. Башка бир да депутат батынып айтпас сынды Юшенков айтаар эле».

Мамдумада кез-кезде өтүүчү жакалашкан кармаштар да эске келет. Маселен, депутат А.Шандыбин бир курдай дал ошол Юшенков менен жакалаша кетип, аларды жоон топ депутаттар араң дегенде басышты эле.

Дагы бир жолу Чеченстанда согуштун канчалык ырайымсыз жүрүп атканын Юшенков ачык айтып салып, ал кездеги Орусиянын коргоо министри Павел Грачевдун жинине тийген. Ал жолу министр жаалданып мындай деген:

- Жанагы, коюнга сойлоп кирген кара чаар жылан – Юшенков, ага билим берген, ага даража берген армияны жаманатты кылды! Ал өлкөнү бузуп-жарганы аткан тарапты колдогону күйгүзөт.

Айтылуу укук коргоочу Валерия Новодворская Орусия либералдык партиясынын лидери Сергей Юшенковду аткан кара ниет жалданма киши азыркы бийликтин тапшырмасын аткарды деген каңкуу сөздү айтты:

- Аты көп жолу өзгөрүлгөн, мурдагы аты “КГБ” болгон уюмга, - анын башында жүрүп, азыр президенттик орунда олтурган кишинин уюмуна, - Сергей Юшенков жолтоо болуп келген.

Бул киши өлтүрүү окуясынын тегерегинде орусиялык саясатчылар менен анализчилер азыркы тушта айтып жаткан негизги божомол - экөө. Бир божомол боюнча, бозгун Березовскийде шек бар. Орусиянын демократиялык түзүлүш пайдубалын тургузуучулардын бири, болгондо да, бул топтун чыгаан саясатчысы Сергей Юшенков менен Березовский башында өнөктөш болчу. Алар биргелешип төрага болуп «Либералдык Орусия» партиясын түзүшкөн, бирок кийинчерээк алардын өз ара оту күйүшпөй кеткен. Лондондо саясий бозгун болуп жүргөн Березовский жакында бул партиянын жетекчилигинен чыгарылып салынган. Айрым кишилер Юшенковдун көзүн Березовский тазалатты дешет, бирок бул жоромол тек гана Березовскийди ого бетер жаманатты кылуу мүдөөсүндө чыгарылышы ажеп эмес.

Экинчи божомолдун ээлери болсо Кремлдин азыркы кожоюну өз өкмөтүн Юшенков алды-артын карабай сынга ала берип тажаткан соң, атайын тыңчы жиберип, аны өлтүрттү деп жоромолдошот. Бул жоромол да саясий чайкоочулуктун мөмөсү болушу ыктымал. Кандай болсо да, Юшенковдун өлүмү саясий себептер менен байланыштырылып жатканы ойлондурбай койбойт.

Маркум Юшенковдун саясатка аралашуусу 90-жылдардын башындагы демократиялык жараянга анын белсенип катышуусу менен тыгыз байланыштуу. Ал “янаевчилер” путч чыгарып, Горбачевду бийликтен кетире турган болгондо демократиялык баалуулукту коргогондордун арасында эле. Кийинчерээк, президент Борис Ельциндин буйругу менен аскерлер “хасбулатовчулар” ээлеп алган маскөөлүк “Ак Үйдү” күч менен бошоткон чакта да бул куралдуу ыкмага каршы чыккан.

Бир жолу «Азаттык» үналгысы үчүн курган маегинде Сергей Юшенков мырза абакта жаткан Феликс Куловдун болгон айыбы – анын саясий күрөшкө катышкандыгы деген оюн баса айтып, президент Аскар Акаевдин бийлиги баарыдан мурда оппозицияга ызаттуу мамиле жасоодон башталса дурус болмок деп өкүнгөн. Президент, эгерде өлкөдөгү демократиялык жараянда ырааттуулук болсун десе, анда ал өз оппозициясын душманга айлантып жибербеши керек деген эле маркум Юшенков.

Кыргыз парламентинин – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны жума күнкү отурумун маркум Юшенковдун арбагына таазим кылуу менен баштаганы анын демократ катары ишмердүүлүгү жана инсандык элеси алыскы Алатоого да дайын болгонун айгинелейт.

XS
SM
MD
LG