Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Нарын облусунун мугалимдерине соңку 3 жылдын эс алуу акылары эми төлөнө баштады


НАРЫН. Бүгүн депутат Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинен алынган маалымат боюнча, 1995-, 1996- жана 1997-окуу жылдарында акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу Нарын облусунун Атбашы, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын мугалимдерине жайкы эс алуу учурунда төлөнүүчү маяналары төлөнбөй калган. Буга нааразы болгон мугалимдер жогорку бийлик органдарына жана депутат Ишенбай Кадырбековго көп сандаган кайрылууларды жолдоп келишкен. Облустук казына бөлүмүнөн кабарлашкандай, Финансы министрлиги бул үчүн жалпы суммасы 2 млн. 663 миң сом бөлүп, ал мугалимдерге төлөнүп бериле баштады.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG