Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууга киришти


БИШКЕК. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун 5 долбооруна вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен фонддун регионалдык директору Несим Тумкай кол коюшту. Жалпы суммасы 900 миң долларды түзгөн бул долбоорлор калктын ден-соолугун коргоого, СПИД илдетинин жугушун алдын алууга, гендердик тең укуктуулукту камсыздоого жана статистика, демография кызматтарынын ишин жакшыртууга багытталган. Алар машыгуу сабактарын, семинарларды өткөрүү, компьютердик жана медициналык жабдуу, маалымат менен камсыздоо аркылуу ишке ашырылат. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду бир нече жылдан бери өлкөнүн саламаттык сактоо, статистика тармактары менен үзүлтүксүз кызматташып келатат. Акыркы ирет фонд Улуттук статистика комитетин 70 компьютер менен камсыз кылган.

XS
SM
MD
LG