Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Ош шаарынын тургундары нааразылык акциясын уюштуруп, жол тосууга чыгышты


ОШ. Бүгүн Ош шаарынын Батыш кичи районунун тургундары бир жумадан бери электр энергиясынын жана суунун берилбегендигине, газдын басымынын аздыгына нааразы болуп, жол тосууга чыгышты. Акцияга 400гө жакын адам катышты. Алар топтошкон бойдон барып, Батыш кичи районунун жанындагы 4 көчөнү, Ош-Араван автожолун, ага кесилишкен Бекмамат Осмонов көчөсүн тосушуп, каттамга жолтоо болушту. Милиция кызматкерлеринин жана айрым үгүтчү адамдардын жардамы менен нааразы топ көп кабат үйлөрдүн арасындагы аянтчага алып барылып, шаар жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Биринчи вице-мэр Минходжин Сражидинов баштаган тармактык кызмат жетекчилери суу бүгүн берилгенин айтышып, электр жарыгын азыр оңдотуп жатышканын, газдын басымы көбөйтүлөөрүн жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG