Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобу Бишкекте чогулат


БИШКЕК. 19-25-апрелде Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун VIII сессиясы болот. Анда «Аскердик тармакта чек ара аймактарындагы ишенимди бекемдөө жөнүндөгү», «Чек ара аймактарында аскердик күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндөгү» Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери тарабынан 1996-97-жылдары кол коюлган Шанхай жана Москва макулдашууларынын аткарылышы талкууланат. Мындан тышкары, анда талкуулануучу иштердин арасында маалымат алмашуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө, Кытай Эл Республикасы менен чектеш аймактардагы аскерий мүнөздөгү кооптуу окуяларга байланышкан маселелер да бар. Биргелешкен уюмга Орусия тараптан президенттин Шанхай Кызматташтык Уюмунун иштери боюнча атайын өкүлү В.Воробьев, Кытай тараптан Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Сунь Яньхэн жетектеген делегациялар келишет. Ал эми Биргелешкен көзөмөл тобунун VIII сессиясынын уюштуруу иштерин Шанхай Кызматташтык Уюмунун улуттук координатору, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG