Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Орусиянын «Газпром» ишканасы менен макулдашууга быйыл кол коюлмак болду


БИШКЕК. Кыргызстан премьер-министри Николай Танаев менен Орусиянын «Газпром» акционердик коомунун башчысы Алексей Миллердин Москвадагы кечээки жолугушуусунда тараптар газ тармагында кызматташуу боюнча келишимге май айында кол коюуга макулдашты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, келишимде Кыргызстандагы газ кендерин издөө жана ташуу, ага тиешелүү инфраструктураны модернизациялоо шарттары жазылмакчы. Бүгүн болсо Николай Танаев Орусиянын өнөр жай, илим жана технология министри Илья Клебанов менен жолугушту. Кыргызстандын өкмөт башчысы Москвада өтүп жаткан кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG