Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Коомчулук жана эл аралык уюмдар жазалардын жеңилдетилишин каалашат


БИШКЕК. Кыргызстанда жылына расмий түрдө 37-38 миң кылмыш катталат. Ал эми учурда иштеп жаткан Кылмыш кодексинин 90 беренеси кылмышкерди эркинен ажыратуу жолу менен жазалайт, 20 беренеси гана эркинен ажыратпай туруп, альтернативалуу жаза бере алат. Жазалоо системасын татаалдаштырган мындай жагдайларды мыйзамга өзгөртүү киргизүү жолу менен жөнгө салуу зарыл. Мындай сунуш бүгүн «Кыргызстан-Сорос» фонду бир катар эл аралык уюмдар менен биргелешип өткөргөн «тегерек үстөл» жыйынында айтылды. «Кылмыш жөнүндөгү мыйзамдарды жумшартуу: Кыргыз Республикасында эркинен ажыратуунун альтернативалары» аттуу бул жыйында юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова Кылмыш кодексинин жаңы долбооруна байланыштуу негизги билдирүү жасады. Ал мыйзамда кылмыш категорияларын кайра кароо, экономикалык ишмердүүлүк, баңгизат менен байланышкан айрым кылмыштарга карата жазаларды өзгөртүү, айрым кылмыш жазаларын административдик жазага чейин кичирейтүү, түрмөлөрдүн, алардын ичинде күчөтүлгөн жана жалпы тартиптеги түрмөлөрдүн иштөө тартибин өзгөртүү сыңары түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG