Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Мыйзам чыгаруу жыйыны кылмышкерлердин жаза өтөө шарттарын жеңилдетти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бүгүнкү сессиясы Орусиянын Мамлекеттик думасынын кечээ кечинде атып өлтүрүлгөн депутаты Сергей Юшенковду эскерүү менен башталды. Кыргыз депутаттары орус парламентарийлерине көңүл айтуу жиберишти. Андан кийин депутаттар өлкөнүн Кылмыш жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө депутат Кубатбек Байболов даярдаган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Ага ылайык өтө коркунучтуу кылмышкер жаза өтөп жатып тартип бузбаса, анын жаза өтөө шарты жеңилдетилмекчи. Киргизилген кошумчага ылайык кылмышкер үч жолу билип туруп бирдей даражада кылмыш кылса гана коркунучтуу кылмышкер деп саналат. Ал эми учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык эки жолу бирдей даражада кылмыш кылган адам коркунучтуу кылмышкер деп таанылат. Бул күнү депутаттар «Кылмыш-жаза системасынын мекемелери жана органдары жөнүндөгү» мыйзамды да биринчи окууда кабыл алышты. Анда жаза өтөө мекемелерин Ички иштер министрлигинен Юстиция министрлигине өткөрүү маселелери камтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG