Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Бишкекте Майлысуу боюнча жыйын аяктады


БИШКЕК. Майлысуудагы уран калдыктарын коопсуздандыруу боюнча 16-18-апрелде өткөн жолугушуу бүгүн соңуна чыкты. Ага катышкан бир катар мамлекеттердин окумуштуулары уран калдыктарынын абалын коркунучтуу катары баалап, бул маселени чечүүгө эл аралык уюмдарды жардамга чакырган жыйынтыктоочу документ кабыл алышты. Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында, окумуштуулар Майлысуудагы уран калдыктары сакталган жерлерди көргөндөн кийин уу зат калдыктары региондун экологиясы үчүн өтө коркунучтуу экенине көздөрү жетти. Бүгүн Бишкекте уланган жолугушууда Дүйнөлүк Банктын эксперттери Майлысууга 5 млн. доллар бөлүү маселесси май айында каралаарын, Германия, МАГАТЕ (Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик) да каражат бөлүү жагын иликтешээрин айтышты. 1946-жылдан 1967-жылга чейин Майлысууда уран казылып алынып, андан 23 жерде уран калдыктары, 13 жерде тоо-кен таштандылары калган. Алар региондун экологиясына олуттуу коркунуч келтирип турат.

XS
SM
MD
LG