Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Эмиль Лотяну каза болду


Бүгүн Орусияда белгилүү кинорежиссер, артист Эмиль Лотяну 67 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул жөнүндө Итар-ТАССка анын уулу кабарлаган. Лотяну 1964-жылы "Бизди таң алдында күткүлө" деген фильми менен киносахнага алгачкы жолу чыккан. Көрүүчүлөргө анын "Табор асманга кетип жатат", "Менин сүйкүмдүү, назик айбаным", "Анна Павлова" деген көркөм кино тасмалары жакшы белгилүү. Эмиль Лотянунун чыгармалары абройлуу эл аралык кинофестивалдардын сыйлыгына татыктуу болгон.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG