Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Чымкен шаарында белгисиз бирөөлөр Казакстандын көз каранды эмес журналистин сабап кетишти


Казакстандын мамлекеттик "Кабар" телеканалынын билдиришинче, "Рабат" гезитинин редактору Максим Ерохинге бирөөлөр шаршемби күнү кечинде кол салып, токмоктоп кетишкен. Ооруканага жаткырылган журналист "Кабарга" берген маалыматында сын көз караштагы материалды жарыялаганы үчүн таяк жегенин айткан. “Рабат” гезити Чымкентте шаардын бийлик төбөлдөрү менен көпөстөрүнүн өзүлөрүнө кымбат баалуу спорткомплекс салдырып жатышканы жөнүндө сын макала жазган болчу. Казак бийликтери кол салуунун артында саясий себептер турганын төгүнгө чыгарууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG