Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Иракта согуш соңуна чыга баштады, эми өлкөдөгү саясий жана экономикалык кайра куруу иштери күн тартибиндеги негизги маселеге айланды. Кошмо Штаттары аптанын башталышында өнүккөн жети өлкөнү жана Россияны Ирактын тышкы карыздарын кечкенге чакырган эле. Бул маселе жайдын алгачкы айында Парижде болгону жаткан жыйында жогорку деңгээлде атайын талкууга алынат. Ага чейин Ирактын береселерин ири кредиторлор өздөрүнүн Париж клубунун кеңешмесинде карап чыгат.

Ирактын экономикасы өткөн кылымдын 60-жылдары кыйла оожалып, ооматы жүрө баштаган эле. Бирок кийин өлкө уруш-кооганын тилкесине кирип, анын айынан жыйырма жылдан бери өйдөлөй албай койду. Акыркы он жылдагы эл аралык санкциялардын салакасы айрыкча оор болду. Багдаддын тышкы бересеси орто эсепте жүз миллиард доллардан ашат. Айрым адистер кедерине кетип, очорулган мындай экономиканы кайра тикелеп, телчиктирүү үчүн эми эпсиз күч,өлчөөсүз каражат керек болот дешет. Бирок башка бир эсептерде Иракты бат эле ирдентип,кызыл жабар абалга жеткирүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орунбасары Алан Ларсон келтирген прогноздорго ылайык, мисалы, ирак мунайын кадимки шарттарда соодалап сатканга шарт түзүлсө, андан күнүгө 50-60 миллион доллар өлчөмүндө киреше алганга болот. Ушундан улам Вашингтон администрациясы, биринчиден, Иракка салынган экономикалык санкциялардын алынышын, экинчиден, Багдадды тышкы карыздардан сакыт кылууну сунуш кылууда.

Британдык эксперт,Йорк университетинин согуштан кийинки кайра куруу жана өнүктүрүү бирикмесинин директору Султан Баракат америкалык администрация көтөрүп жаткан демилгелер Ирактын экономикасына чоң огожо болорун танбайт. Ошол эле учурда мунун баарын ал проблеманын бир гана өңүрү – саясий жагы деп эсептейт. Эң негизги маселе азыр, Баракаттын оюна ылайык, өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, кырдаалды стабилдештирүүдө турат. Экинчи чоң милдет - Ирактын ашкере борборлоштурулган, эски Советтер Союзу менен Чыгыш Европанын үлгүсүндө түзүлгөн командалык экономикасын рыноктун оролуна салуу керек. Ирактын экономикасы катаң контролдоштурулган, борборго бекем байланган структурадан турат, өлкөдөгү ишканалардын баары мамлекеттин менчигинде. Экспорт жана импорт иштери да бийликтин контролдугуна болгон, дейт Баракат. Эмки маселе - алардын баары кимдин колуна өтөт, ишканаларды кимдер башкарат, бу жагы да али белгисиз.

Лондондук экинчи бир эксперт Ханиа Фархан айым дагы бир проблеманы эске салды. Атап
айтканда, акыркы он жылдагы эл аралык санкциялар Саддам Хусейн баш болгон бийлик төбөлдөрүн эмес, баарыдан мурда карапайым калктын кадемин катырды. Жашоо стандарты ырасмий отчеттордо көрсөтүлгөндөн алда канча төмөн. Эгер элдин ортомыян оокаты болгондо, Фархан айымдын ишениминде, Багдад жана башка шаарлар калктын мынчалык кара талоонуна калбайт эле. Биринин жүнүн бири жегидей абалга жеткен элди эми жумуш менен камсыздап, экономикалык чөйрөгө тартуу, менчик жана коомдук тармактагы өндүрүш структураларын түзүү талап кылынат. Мунсуз өлкөдө коопсуздук жана стабилдүүлүк болушу кыйын. Ханиа Фархан айым Ирактын финансы институттары талкалангандыгын белгилеп, аларды кайра куруу учурдун өктөм талабы экендигине өзгөчө басым жасады. Банктар толугу менен мамлекеттин колунда болгон, деп айтты ал. Аларды да бүт бойдон кайра түзүп чыкканга туура келет. Банктар негизинен башкаруучу элитанын кызыкчылыгына кызмат кылган, бийликтегилердин финансылык таламын коргогон механизм болгон, дейт Фархан айым.
XS
SM
MD
LG