Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

ДҮЙНӨЛҮК БАНК МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫН КООПСУЗ АБАЛГА КЕЛТИРҮҮГӨ 5 МЛН. ДОЛЛАР БӨЛҮШҮ ЫКТЫМАЛ


Майлысуу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары жырылып кете турган болсо, бир эле Кыргызстанга эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагына экологиялык чоң кырсык алып келээри белгилүү. АКШ, Орусия, Германия жана Борбордук Азия мамлекеттеринин, Дүйнөлүк Банк баштаган эл аралык уюмдардын адистери жана окумуштуулары 16-18-апрель күндөрү Кыргызстанда жыйын өткөрүшүп, Майлысуудагы уран калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдорун издешти. Алар 17-апрелде Жалалабаддын Майлысуу шаарына да барышып, уран калдыктарынын абалы менен таанышып чыгышты. Жыйындын соңунда адистер «кырсыктын алдын-алыш үчүн Кыргызстанга тез арада каражат бөлүп бериш керек» деген чечимге келишти.

Майлысуудагы уран калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 5 миллион АКШ долларын грант түрүндө бекер бөлүп бериши ыктымал. Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбордук Азия башкармалыгынын экология жана омоктуу социалдык өнүгүү бөлүмүнүн ага инженер-мелиоратору Йооп Стаутиесдейктин айтымында, аталган башкармалык мындай сунуш менен Дүйнөлүк Банктын Деректирлер кеңешине кайрылды:

- Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбордук Азия башкармалыгы Кыргызстандагы уран калдыктарында түзүлгөн оор кырдаалды жакшы билет. Биздин башкармалык Дүйнөлүк Банктын Деректирлер кеңешине Кыргызстандагы уран калдыктары боюнча абалды оңдоого 5 миллион АКШ долларын бөлүп берүүнү сурады. Бул өтүнүчүбүз Деректирлер кеңешинин май айынын аягында өтө турган жыйынында каралат. Деректирлер кеңеши бул маселени оң чечип берет деген ишенимдебиз. Эгер акча бөлүнө турган болсо, адистер абалды оңдоого дароо киришмекчи.

Анын айтымында, Дүйнөлүк Банк өзү баштаган мындай демилгени башка эл аралык донорлор да колдоого алат деген ишенимде.

Дүйнөлүк Банк Майлысуудагы уран калдыктарынын абалын жакшыртууга каражат бөлүүгө ниеттенип калганын Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов да бышыктады:

- 17-апрелде Майлысуу шаарында болуп, уран калдыктарынын коркунучтуу абалын өздөрү көрүшкөндөн кийин Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү «5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам беребиз» дешти. Алар кырдаалдын курчтугун түшүнүшүп, «500 миң доллар өлчөмүндөгү алгачкы жардамды жакын арада эле бөлүп, иш баштайлы» деп жатышат. Дүйнөлүк Банктын мындай демилгесин Германиядан келген окумуштуу да колдоп, «мен өз мекениме баргандан кийин Германия өкмөтүнө Кыргызстандагы уран калдыктарына каражат чегерүү маселесин коем деп айтты.

Базарбай Мамбетовдун сөзүнө караганда, Майлысуунун көйгөйүн чечүү максатында эл аралык эксперттик топ түзүлүп, ал максаттуу жана үзгүлтүксүз иш жүргүзмөкчү.
Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлү катары Майлысуудагы уран калдыктарына арналган жыйынга Франк Харрис мырза катышты. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Майлысуудагы уран калдыктарын оңдоо боюнча долбоорду МАГАТЭге тапшырды.

Вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтымында, МАГАТЭден тышкары Кыргызстанга жардам берүүгө АКШнын Ливермоль улуттук лабораториясы да ниеттенүүдө:

- Аталган лабораториянын кызматкери Ричард Кнепп «АКШ өкмөтүнүн алдына «Кыргызстандагы уран калдыктарынын коопсуздугуна акча бөлгүлө» деген өтүнүч менен кайрылам» деп билдирди.

Маалымат үчүн: Майлысуу шаарынын чет-жакасына 23 уран калдыктары көмүлгөн жана алар 60 миллион калк жашаган жалпы Борбор Азия аймагына коркунуч туудуруп келатат. Абал өзгөчө акыркы 15-20 жылда катуу курчуган. Уран калдыктарын жоюуга Кыргызстандын өз чама-чаркы жетпей, коңшуларынын жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна зарылып турат. Вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Майлысуудагы уран шакелдерин коопсуз абалга келтириш үчүн 20-25 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат керек деп эсептейт:

- Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Майлысуудагы абалды изилдеп, карап көрүшкөндөн кийин «жагдайды жакшыртыш үчүн 16-25 миллион доллар керек» деген жыйынтыкка келишкен. Бул жерде аткара турган иштин көлөмү өтө чоң.

Тажикстан Илимдер академиясынын геология институтунун кызматкери Владислав Минаевдин айтымында, Тажикстандын жетекчилиги Майлысуунун абалын жакшы эле билет, бирок каражаттан кыйналып тургандыктан, Кыргызстанды колдоого акча бөлө албай келет:

- Тажикстандын жетекчилиги бул маселени жакшы билет. Азыр Тажикстанда абал оор. Бирок Майлысуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда келишим бар. Ага ылайык, Тажикстан өз алына жараша же адистер жагынан, же техникалык жактан жардамга келет.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстандын өкүлү – «Кызылтөбөгеология» экспедициясынын башкы геологу Владимир Купченко «Майлысуудагы радиациялык абалдын чен-өлчөмүн Өзбекстан тарап өз күчү менен бекер аныктап берет» деп билдирди.

Кыргызстандын мурдагы экология министри Кулубек Бөкөнбаев 18-апрелдеги жыйындын жүрүшүндө «Майлысуудагы уран калдыктары бир эле Кыргызстандын баш оорусу эмес» деп, «бул көйгөйдү чечүүгө Орусия жана Борбор Азия мамлекеттери ат үстүнөн мамиле жасап жатат» деген пикирин ортого салды:

- Кыргызстандагы уран калдыктары бир эле Кыргызстандын баш оорусу эмес, алар бизге Совет бийлигинен калган. Ошондон улам аны коопсуздандырууга Орусия чоң салымын кошууга тийиш эле. Кыргызстандын колунда күчтүү жабдуу жок болгондуктан биз Майлысууда кандай уулуу заттар көмүлгөнүн билбейбиз. Орусиянын Атом энергетика министрлигинде болсо Майлысууга байланыштуу бардык маалыматтар да, мүмкүнчүлүктөр да бар.

Анын мындай пикирине вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов макул эмес:

-«Уран калдыктарын бизге бирөөлөр калтырды» деп биз кимдир-бирөөлөргө доомат артуудан алыспыз. Совет бийлиги кулагандан кийин кайсы республикада эмне болсо ал ошол бойдон калган, ошондуктан, биз эч кимге доомат артпайбыз.

Жыйындын соңунда окумуштуулар Майлысуунун көйгөйү боюнча жыйынтыктоочу документ кабыл алышты. Анда «Кыргызстандагы уран калдыктарында кырсык болуп кетсе, ал жалпы Борбор Азия аймагына катуу кесепети тиет» деп белгиленди. Жыйындын катышуучулары эл аралык коомчулукка каражат сурап кайрылышты.
XS
SM
MD
LG