Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ: «ЫСЫККӨЛДӨ МУРДА МОЮТ АКЕГЕ ЧЕЙИН СӨӨКТҮ АРСТАНБАПКА КОЮШЧУ ЭКЕН»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жалалабад облусу тарыхый эстеликтерге бай. Башкасын мындай койолу, XVIII кылымдын акырына чейин кыргыздар журт башкарган чыгаан инсандарынын сөөгүн Жалалабаддын Арстанбабына алпарып аздектеп, акыркы сапарга узатып келишкен. Азирети Аюб пайгамбар, Ыдырыс пайгамбар жана башка ыйык эсептелген инсандардын ысымдары менен байланышкан тарыхый жайлары менен белгилүү. Ал эми Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө алдында облуста кандай иштер жасалат? Бул тууралуу губернатор Жусупбек Шарипов «Азаттыкка» маек куруп берди.

- 2003-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленмек болду. Жакырчылыкка баткан заманда ушундай мааракелерди өткөрүүгө сиз кандай карайсыз?

- Бул идеянын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоого алынганы - биздин президентибиздин демилгеси. Бул кыргыз эли үчүн чоң жеңиш. Бул Кыргызстандын дүйнөлүк, эл аралык деңгээлде өсүшүнө, эл аралык кызматташтыкта, жалпы Кыргызстандын мындан ары өнүгүп-өсүшүнө көп пайда алып келе турган нерсе. Өткөн жылы өзүңүз билесиз, Жалалабадда болгон окуя менен ички акыбалыбызда окшоштук бар эле, ошого карабастан донорлор, финансы уюмдарынын баары чогулуп «Кыргызстанга 700 млн. долларлык жардам беребиз» дешти. Анын 350сү бекер жардам боло турган болду. Эми бул президентибиздин биздин коомду демократиялык жолго алып кетип аткан багытын колдогон, далилдеген окуя деп ойлойм. 2200 жылдык маааракебиздин белгилениши - бул да дүйнөлүк коомчулуктун бизди колдогону. Бул да биздин чоң жеңишибиз. Биз өзүбүздүн ичибизде, өз мамлекетибизде туруп, бүгүнкү күндө баарыбыз биригип, атуулдук аң-сезимди ойготуш керек.

- Мамлекеттүүлүктүн мааракесине байланыштуу облуста кандай иштер жасалат?

- 2200 жылдык жалпы жарыя болгондон кийин облусубузда ушунун алкагында тарых таануу боюнча иштерди жүргүзөлү деген оюбуз бар. Мектептерде, окуу жайларында, эмгек жамааттарында маданий маселелерге көңүл буруп, идеологиялык иш-чараларды жүргүзөлү деп атабыз. Былтыркы кырдаал да бизде атуулдук сезимдин тартыштыгын көрсөткөн. Ошондуктан, биз биринчи иретте балдарыбызга өз мамлекетибизди, жерибизди, элибизди сүйгөндү үйрөтсөк. Кээ бир массалык маалымат каражаттарын окусаң, өз элибизди, жерибизди, тарыхты шылдыңдаган нерселер бар. Мамлекетибиз жаңыдан жаралып келатканда буларга жол бербешибиз керек. Мамлекеттүүлүктү биз баарыбыз биригип көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын кайыгын ары-бери түртө берсек болбойт. Кээ бир оппозициялык күчтөрдүн кылып аткан иштери биздин мамлекеттүүлүккө коркунуч түзүп атат. Сырткы да күчтөр бар. Алар биздин мамлекеттүүлүктүн келечегине башкача карагандар. Ошону биз, Кыргызстандын тургундары, биринчи өзүбүз сактаганды билели. Биз ушул жагынан идеологиялык иштерди күчөтүп иш жүргүзөлү деп атабыз.

- Мына тарыхка көз чаптырсак Жалалабад чөлкөмү тарыхый жайларга, эстеликтерге да бай жер. Мына ошол эстелик жайлардын абалы быйыл жакшырып, жаңы баскычка көтөрүлөбү?

- Мамлекеттүүлүк жылында биз ыйык жерлерибизди, мазарларыбызды кайра иретке келтирели деген ниетибиз бар. Ал боюнча токтом чыгарып, өзүнчө программа түзүп алып, азыр конкурс жарыяладык. Жалалабад жергесин өзүңүз билесиз, пайгамбарлар аралаган жер. Мисалы, Айып пайгамбар, Ыдырыс пайгамбар. Ошондой эле Арсланбап ата жаткан жер. Бул жер Жалалабад, же түштүк эмес, жалпы кыргыз элин илгертен бириктирип келген жер. Мен Ысыккөлдө иштедим, ал жерден дагы эл-журт айтып калчу, илгери Моют акеге чейин ошол жердеги атактуу кишилердин сөөгүн Анжиянга барып коюшчу экен. Кышында жол жокто сөөгүн сактап, ошол жерди ыйык көрүп барып койчу экен. Жалпы эле түндүктөн атактуу кишилерди ошол жакка барып коюп жүрүшкөн. Ошондуктан Арстанбапты жандандырып, тарыхый өз ордуна коюп, жалпы эл-журтка дагы көрсөтөлү деп атабыз. Ушул биздин биримдиктин өзүнчө символу болуп кала турган жер. Жалалабадда биринчи эл-журт биригип, тынч болушубуз керек. Бардык нерсенин негизи, экономиканын өсүшү дагы тынчтыкта. Жерибизди өзүбүз сактайлы, башка бирөө келип сактап бербейт.
XS
SM
MD
LG