Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

АРМЕНИЯДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ЖОЮЛДУ


Армениянын парламенти 18-апрелде өлкөнүн жаңы Кылмыш жобосун кабыл алды. Ал жободо өлүм жазасына тартуу беренеси жок жана жаңы кодекс күчүнө үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып кирет. Өлүм жазасын жоюу менен Армения Европа Кеңешинин алдындагы милдеттенмесин аткарды. Өлүм жазасынын ордуна кылмышкерлер эми өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилиши мүмкүн жана андай өкүмдөр 20 жылдан кийин кайра каралышы ыктымал. 1997-жылдан бери Арменияда өлүм жазасына мораторий салынган. Азыр өлкөдө андай катаал жазага кесилген 40 кылмышкер бар.

XS
SM
MD
LG