Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

ИРАКТЫ МУРДА БАШКАРГАН ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ТӨРТӨӨ КАРМАЛДЫ


Ирактын түндүгүндө жашаган күрттөр өлкөнү мурда башкарган "Баас" партиясынын жетекчилеринин бири Сами Абд ал-Азиз ан-Нажимди кармап, аны 18-апрелде америкалык жетекчиликке өткөрүп берди. Ан-Нажим - Ирактын мурдагы жетекчилеринин арасынан изделип жаткан 55 адамдын бири. Азырынча издөө жарыяланган бул кишилердин төртөө гана кармалды. Андан тышкары, Ирактын химиялык курал чыгаруу программасында иштеген кызматкер Хусаин Абдалла ал-Ани жакында өзү америкалыктарга багынып берди. Абу-Даби мамлекетинин сыналгысы болсо 18-апрелде мындан он күн мурда тартылып алынган Саддам Хусейн тууралуу телеберүүнү көрсөттү. Сыналгынын айтымында, ал 9-апрелде, Багдад шаары басылып алынаар алдында тартылган жана Саддамдын акыркы сүрөтү болушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG