Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ АКШ АСКЕРЛЕРИНИН ТЕЗ АРАДА ИРАКТАН ЧЫГАРЫЛЫП КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛУУДА


Сауд Арабиянын борбору эр-Рияд шаарында 18-апрелде Иракка кошуна өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин конференциясы болуп өттү. Анын катышуучулары Ирак бирдиктүү мамлекет бойдон калууга тийиш деген бүтүмгө келди. Конференцияда кабыл алынган декларацияга ылайык, АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери Ирактан тез арада чыгарылып кетүүгө тийиш жана өлкөнүн жаңы өкмөтү түзүлүшү керек. Анткен менен жыйында Ирактын түндүгүндө жашаган күрттөрдүн тагдыры тууралуу талаш-тартыштар да болду. Конференцияда Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери да талкууланды. Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзаада Сауд ал-Файсалдын конференцияда айтканына караганда, АКШ менен Сириянын ортосунда да сүйлөшүү башталууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG