Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

БАГДАДДА АМЕРИКАЛЫКТАРГА КАРШЫ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР ӨТҮҮДӨ


18-апрелде кечинде Багдад шаарында демонстрация болуп, ага катышкан миңдеген адам америкалык жана коалициялык аскерлердин Ирактан чыгып кетишин талап кылды. Мурда сүргүндө жүргөн Ирак улуттук конгрессинин жетекчиси Ахмад Чалаби 18-апрелде биринчи жолу Багдадда эл алдында чыгып, Ирактын жаңы өкмөтү жакында түзүлөөрү тууралуу билдирди: "Эч кандай америкалык аскерий башкаруучулук болбойт, Иракты башкаруу ирактыктардын колунда калат. Мурда Ирак мамлекети 'Баас' партиясы менен бириккен, ошондуктан ал партия кыйраганда, мамлекет дагы шал болуп калды". Чалабинин айтымында, ал өзү убактылуу өкмөткө кирбейт жана эки жылдын ичинде Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG