Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ооганстандын согушкер топторунун командирлери куралсыздануу маселесин талкуулап жатышат


Кабулда өтө турган эки күндүк конференцияда алар өз ара атаандаш топтордун миңдеген согушкерлерин куралсыздандырып, демобилизациялоо жана аларды Улуттук армия менен алмаштыруу маселесин талкуулашууда. Конференцияны ачып жатып, Ооганстандын президенти Хамид Карзай өлкөдө коопсуздук менен туруктуулукту сактоо чет элдиктер эмес оогандардын вазыйпасы экенин билдирди. Ооганстанда АКШ баштаган антитеррордук коалициянын 11 жарым миң жоокери жайгаштырылган. 23 өлкөдөн топтолгон бул аскерлер талибан режиминин калдыктарын жок кылуу максатын көздөшөт. Жыйынга Кабулдагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Даниэль МэкНейл катышып жатат.

XS
SM
MD
LG