Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Гоңкоңдун өкмөтү кечээ вирустук пневмониядан 12 киши каза болгондугун билдирет


Кытайдын түштүгүндөгү Гвандоң провинциясынан чыккан өнөгөсүз өпкө оорусунан бир күндүн ичинде мынчалык көп киши көз жумган эмес. Ушуну менен Гоңкоңдо оорудан 81 киши өлдү ал эми Кытайдын расмий маалыматтарында 67 киши деп кабарланат. Бирок Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму вирустук пневмониядан каза болгон кишилердин саны Кытайда кеминде беш эсеге көп экенин божомолдойт. Бүгүн Кытайдын премъер-министри Вен Жыабао оору жөнүндө маалыматтарды жашырып койгон чиновниктер жоопко тартыла турганын катуу эскертти. Вирустук пневмонияга чалдыккан адамдардын 4 проценти каза болот жана ушул күнгө чейин ал оорудан дүйнөдө 170тен ашык киши каза болду.Оорунун дабасы табыла элек.

XS
SM
MD
LG