Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Сеул келерки жумада Бейжинде өткөрүлө турган сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартпай турганын билдирди


Алдын ала макулдашуу боюнча, келерки жумада Бейжинде Түндүк жана Түштүк Корея мамлекеттеринин, Кытай жана АКШнын өкүлдөрү жолугушуп, Түндүк Кореянын айланасындагы маселелерди талкуулашмакчы. Түштүк Кореянын кабар агенттиктери Сеул менен Токио бул сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырууга ниеттери жок экенин билдирет. Кечээ Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги өлкөнүн атомдук электростанциясында бир айдын ичинде иштелип чыккан өзөктүк отун бери дегенде 8 ядролук бомба чыгарууга жетеерин билдирген. АКШ бул билдирүүгө расмий жооп кайтара элек жана бул маалыматты али иликтеп жаткандыгын айтат.

XS
SM
MD
LG