Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Иракка кошуна өлкөлөр АКШ менен Британияны аскерлерин өлкөдөн мүмкүн болушунча тезиреек чыгарып кетүүгө чакырышты


Бул билдирүүнү Ирактын кошуналары Сауд Арабия, Кувейт, Сирия, Иордания, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери жана Мисир менен Бахрейндин тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери Эр-Рияддагы кеңешмеден кийин таратышты. Билдирүүдө Ирак эли өз өлкөсүн өзү башкарууга тийиш ал эми өлкөнү кайра калыбына келтирүү вазыйпасы Улуттар Уюмуна таандык болуш керек деп айтылат. Ошону менен катар министрлер Ирак режиминин мүчөлөрүнө баш баанек берди жана химиялык куралдарды чыгарып жатат деген айып менен Вашингтондун Сирияны опузалашын сынга алышты. Сирия АКШнын мындай айыптоолорун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG