Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Баткенде «Менин өлкөм» партиясынын облустук уюму түзүлдү


Аталган партиянын облустук уюмун түзүү боюнча өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курманов, партиянын координатору Галина Куликова жана облустун райондорунан шайланып келген 47 делегат катышты. Жыйында алгач депутат Зайнидин Курманов кеңири баяндама жасап, партиянын түзүлгөнүнөн берки иш-аракеттерине, алдыдагы максаттарына токтолду. Андан соң жарыш сөзгө чыккан делегаттардын баары партиянын облустук уюмун түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошентип партиянын облустук уюму түзүлүп, анын курамы 7 кишиден турган саясий кеңеши да бекитилди. Ал эми партиянын облустук уюмунун саясий кеңешинин төрагалыгына Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Орозбаев шайланды.

Кабарлар топтомун Айданбек Акмат уулу, Бурулкан Турдубек кызы даярдашты

Редактору – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG