АКШнын Кыргызстандагы элчилиги XI кылымдагы Шах-Фазиль эстелигин оңдоого көмөк иретинде техникалык грант берүүнү көздөп жатат. Бул максатка чегерилген компьютердик жабдууну элчилик «Музейлик демилгелер борбору» деп аталган бейөкмөт уюмга 23-апрелде тапшырат. Билим берүү министрлигинен алынган маалыматка караганда, Жалалабад облусунун аймагында жайгашкан бул тарыхый эстеликтин баалуулуктарынын 30 пайызы гана сакталып калган. Шах-Фазиль - Кыргызстандагы башка тарыхый эстеликтердин тизмесинин катарында дүйнөлүк маанидеги эстеликтерге кошуу үчүн ЮНЕСКО уюмуна сунушталган.