Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Орловкадан жоголгон сейрек металл кайда житти?


Ушул жылдын январында Орловка шаарчасындагы химия-металлургия заводунан уурдалып кеткен 23 куту европий металлы менен кошо сейрек жолуга турган иттербий металлы да кошо уурдалган болушу мүмкүн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу учурда ушул божомолду далилдөө аракетин жасоодо. Божомолдун пайда болушуна наркобизнеске каршы күрөш бөлүмү аркылуу 35 килограмм ядролук жана электрондук өнөр жайда колдонуучу иттербий затынын кармалышы негиз берди. Башкармалыктын күзөт бөлүмүнүн ишембиде маалымдашынча, милиция кызматчылары бул затты сатып аткан жеринен Калдин жана Гаврилов аттуу жарандарды өткөн аптанын этегинде кармашкан. Бирок, кармалгандардын сейрек металлды заводдон 1984-жылы алып чыккандыгы жөнүндөгү билдирүүсү тергөөчүлөрдү ынандырган жери жок. Айрым маалымат каражаттарынын божомолдоруна караганда, 35 килограмм иттербийдин наркы 15-20 миң долларга тең келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG