Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:41

Диний партиянын активдешүүсү өкмөттү тынсыздандырууда


«Хизбут-тахрир» диний партиясынын антиконституциялык ишмердүүлүгү түштүк региондо акыркы кезде күчөгөндүгүнө байланыштуу биринчи вице-премьер- министр Курманбек Осмонов 21-24-апрелде Жалалабад жана Ош облустарында болот. Сапар учурунда Курманбек Осмонов эл менен жолугушуп, катталбаган диний партиянын антиконституциялык ишмердүүлүгүнүн зыяндуулугу жөнүндө маалымат бермекчи. Биринчи вице-премьерди сапар учуруда Кыргызстан муфтиятынын жетекчилиги да коштоп жүрмөкчү. Бул тууралуу ишемби күнү өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG