Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Каракулжа-Алайкуу жолу жабылды


Тоолордо жаан карга айланып, бирок жердин деми менен эрип жатат. Кыян аралаш майда жер көчкүлөрдөн Каракулжа–Алайкуу жолу катар-катар жабылып, аны ачууга ДЭТ-96нын чамасы жетпей калды. Алайкууда ошондой эле малканалар, ал тургай айрым үйлөр жаандан эзилип, кулап түшкөн. Малдарды басып калган фактылар көбөйүп, 19-апрелге карата андайлардын саны 34кө жеткендиги маалымдалууда. Азык-түлүк жетишсиз. Андыктан Алайкуудан Ошко, же Каракулжага вертолет каттатуу менен гана эң зарыл маселелерди чечүү мүмкүн экендигин жергиликттүү эл жогорку бийликтегилерге билдирип жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG