Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

БУУнун АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫ ТҮРКМӨНСТАНДЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН ООР АБАЛЫ ҮЧҮН СЫНГА АЛДЫ


Жаркын Темирбаева, Прага шаары Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу алгачкы ирет сындап чыкты. Европа биримдиги Түркмөнстандагы адам укуктарынын бузулуулары жөнүндөгү резолюциянын долбоорун сунуш этти. Долбоордо өткөн жылдын 25-ноябрында жасалган Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин бул өлкөдө адам укуктары дегеле урматталбай калган деп кескин айтылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы Түркмөнстанда олуттуу укук бузууларды, - абактагы кыйноолорду, саясый жана диний куугунтуктоолорду, - кескин айыптаган резолюция кабыл алды. Бул резолюция шаршемби күнү Женевада өткөн жыйында жактырылды.

Резолюцияда өткөн жылдын 25-ноябрындагы Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин башталган массалык абакка салуулар айрыкча айыпталат. Укук коргоочулар бул резолюцияны өтө шыктануу менен кабыл алышты. Алар Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына эл аралык деңгээлде мынчалык көңүл буруу сейрек болоорун айтышууда.

Документте Түркмөнстанда жарандардын укуктары басмырланып, өлкөнүн ичинде ары-бери каттоо дээрлик катаалдашып кеткендигине жана сөз-эркиндигине болгон куугунтуктоолорго байланыштуу терең тынчсыздануу камтылган. Резолюция өлкөдөгү улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө - орус, өзбектерге карата басмырлоо саясаты жүрүп жатканын өзгөчө кабатырлануу менен белгилейт.

Бул документте түркмөн бийлиги соңку жылдары кабыл алган айрым мыйзамдардын тизмеси да келтирилген. Маселен, курч сынга алынган мыйзам, жардыктардын арасында чет өлкөлүк жаран түркмөн атуулу менен турмуш куруп, никеге туруш үчүн 50 миң доллар төлөөгө милдеттүү деген мыйзам жана ушул жылдын 1-мартынан баштап чет өлкөгө чыгыш үчүн атайын виза алыш керек деген жобо бар.

Ашгабаттын мындан башка дагы адам укуктарын чектеген расмий аракеттерине терс баа берилген. Мындай аракеттер өткөн жылдын 25-ноябрындагы түркмөн президентине кол салуу аракетинен кийин өзгөчө күчөгөнү айтылат. Кол салууга катыштыгы бар деген шекти шылтоо кылып жарандардын үстүнөн кылмыш иш козгоо, сотто иши карала электе эле жаранды айыптуу деп саноо, оппозициячыл саясатчылардын өздөрүн гана эмес, урук-туугандарынан бери куугунтуктоо, түрмөдө жалган айыпты мойнуна алдыруу үчүн кыйноо сыяктуу иш-аракеттерди Ашгабат дароо токтотуусу керек, - делет резолюцияда. Анда, ошондой эле, адам укуктарын одоно бузган төбөлдөрдү жоопкерчиликке тартуу сунушу да камтылган.

БУУнун комиссиясынын резолюциясында түркмөн бийликтеринин ЕККУ менен кызматташкысы келбей жатканы да кескин сындалат. Анын далили катары ЭККУнун көз карандысыз байкоочуларынын камакта отургандарды тергөө ишин изилдөө аракеттерине жасалган тоскоолдук эскерилген. Айрым аналитиктер, бул резолюцияда белгиленгендей, Түркмөнстанга көз карандысыз байкоочуларды жиберүүгө Ашгабат уруксат да берген жок деп айтышууда.

Дүйнөлүк укук коргоочу “Хюман Райотс Уотч” эл аралык уюмунун адиси Рори Мунговен (Rory Mungoven) кырдаалды мындайча мүнөздөйт:

- Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр БУУга жана башка эл аралык уюмдарга мүчө болгонун бетке кармап, өз өлкөсүндөгү ички саясатын ошонусу менен актоого аракеттенет, мүчөлүктү ички үгүт үчүн пайдаланат. Ушуну эске алганда эл аралык коомчулук бул өлкө чектен чыгып кеткенин (резолюция кабыл алуу аркылуу) көзгө сайып көрсөттү.

Түркмөнбашыны өлкөдөгү кошоматчы аксакалдар “Туруктуу бейтараптыктын улуу окутуучусу” деп айтып келет, бирок Бириккен Улуттар Уюмунда ал өзүнүн жамынган акыркы калканычын жоготуп алышы мүмкүн. Анткени, Түркмөнбашы ар дайым БУУга мүчө экенине жана бейтараптыгына мактанып, өз режимине эч кандай тийиштик болбойт деп келгени тескерисинче чыгышы ыктымал. Бирок Түркмөнстандын бейтараптуулугу жөнүндө резолюциянын бир да жеринде айтылган эмес.

Женевада өткөн БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын отурумунда жогорудагыдай резолюцияны добушка койгондо комиссиянын 23 мүчөсү аны колдоп, 16 өкүл каршы чыгып, 14ү калыс болгон. Орусиялык өкүл, Армения, Украина сыяктуу айрым пост-советтик өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен чогуу, ага каршы добуш берди. Алар өздөрүнүн позицияларын так түшүндүрүшкөн эмес. Бирок, алар айтпаса да жагдайдын чоо-жайларын аңдаса болот дейт кээ бир эксперттер. Москва, Киев жана Ереван Түркмөнстанга газ маселеси боюнча тымызын байланган.

Жакында Кремль Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы кош жарандуулук жөнүндөгү буга чейин күчүндө болгон келишимден расмий Ашгабаттын өтүнүчүнө ылайык баш тартты. Бул кадам Түркмөнстандагы орус тилдүү калк арасында абдан чоң нааразычылыкты жаратты. Кремль мындай кадамга Ашхабад менен газ маселесин чечүү үчүн барды деп жазат журналист Аркадий Дубнов. Ошондуктан, - дешет байкоочулар, - бул КМШ өлкөлөрү Түкмөнстан жаатында саясат менен экономиканы аралаштырып жатышат.

Түркмөнбашыны коргогон башка өлкөлөр - Кытай, Индия, Куба, Габон, Ливия, Пакистан, Сирия, Судан, Вьетнам, Зимбабве жана Саудийлер Арабстаны болду. Ушул өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Түркмөнстандын ичинде болуп жаткан окуялар анча деле кызыктырбайт. Буларда, Ирактагы режим кулатылгандан кийин, өз өлкөлөрүндөгү өзгөчө катаал режимдер БУУнун жана эл аралык коомчулуктун каарына калышы мүмкүн деген чочулоо бар. Укук коргоочу адистердин боолголошунча, ошондой болочокку саясаттан сактаныш үчүн бул мамлекеттердин өкүлдөрү чакан жана чоң диктаторлор дебей биргелешип, өз режимдерин коргоо үчүн аракеттенгени жакшы деп эсептешет.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы БУУнун башкы катчысына кайрылып, түркмөн маселесин уюмдун Жалпы ассамблеясынын күзгү сессиясында талкуулоону сунуш кылган. Эгерде бул талкуулоо иш жүзүнө ашып калса, анда Түркмөнбашы өзүнүн эң башкы жетишкендиги санаган нерсе - Түркмөнстандын бардык маселелерде бейтараптуу макамы - анын режимин эл аралык коомчулуктун сынынан сактап кала албайт дешет Борбор Азия боюнча адистер.
XS
SM
MD
LG