Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

АЙЛАСЫ КЕТКЕН АКЖООЛУКЧАНДАРДЫН НАРЫНДАГЫ БАШКАЛКА ЖАЙЫ


Дамир Калыков, Нарын шаары Нарындагы «Теңдеш» бейөкмөт уюмунун алдында уюшулган аялдардын убактылуу баш калкалоо жайы 1997-жылдан бери иштөөдө. Нарын облусундагы аялдардын баш калкалоо жайынын башчысы Света Саякбаева кабарчыбыздын суроолоруна жооп берет.

- 5 жылдан бери баш калкалоо жайына канча аял кайрылды жана аларга кандай кызматтар көрсөтүлдү?

- Ушул 5 жылдын ичинде 1638 аял баш калкалоо жайына бизден кеңеш алууга кайрылган. Анын ичинен жекече кеңеш алууга 600 аял, юридикалык, өзүнүн укугу боюнча 350 аял, телефон боюнча 648 аял, убактылуу баш калкалоого 164 аял келип бизден жардам алышты.

Убактылуу баш калкалоо жайына күйөсүнөн ошол күнү токмок жеп, кайда бараарын билбей, көчөдө калган кезде кайрылат. Бизге келип жөн эле жата бербестен атайын адистердин, психологдордун кеңешин угуп, өзүн кайра калыбына келтирүүгө өзүн-өзү дарылайт.

- Баш калкалоо жайына кайрылуу тартиби кандай жана кайрылган аялдардын коопсуздугу кандайча сакталат?

- Бизде бардыгы жашыруун түрдө сакталат. Келген аял менен адистин ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт. Жадагалса, келген аялдын тууган-уруктары да бул жерде экендигин билбеш керек. Эгер аял биринчи жолу келсе, биздин эрежени ага түшүндүрөбүз. Анан келишимге кол коюлат.

- Баш калкалоо жайы мындан ары кандай багытта иштейт, кимдер тарабынан каржыланат?

- Быйыл 2003-жылы май айынан баштап «Сорос Кыргызстан» фонду, кредит борборлору колдоодо. Жакында долбоор түздүк. Бул долбоордун негизинде, мурун 10-15 күнгө чейин баш калкалоо болсо, азыркы долбоорубуз 2 айга чейин баш калкаласа деп ойлоп атабыз. Себеби, 10-15 күндө аял өз калыбына келбейт экен, консультанттын жардамы менен 2 айда өз калыбына келип, өзүнө келе алат деген ойдобуз. Кризистик борбордо негизинен 2 айдын ичинде биз аялдарга өзүн кандай алып жүрүш керек, күйөөдөн зордук көргөн кезде эмнелерди жасаш керектигин айтабыз. Андан тышкары медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз.

XS
SM
MD
LG