Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫН ЖАМЫНЧЫСЫ КАЧАН ТАШТАЛАТ?


Кыргызстанда жакындан бери “жакырлар жок, жалкоолор бар” экендиги байма-бай айтыла баштады. Республиканы үч жылдын ичинде “экинчи Швейцарияга” айлантып ийүү изги тилеги кагазда калгандан бери кыргыз бийлиги комплекстүү өнүгүү программасына, жакырлыкты жоюу стратегиясына көчүшкөн. Алардын кайрымжысы кандай?

Расмий бийлик жетекчилеринин айтымында республика калкынын жарымына жакыны ушу тапта жакыр жашайт. Мындан үч жыл илгери бул көрсөткүч 55% этектеп отурчу. Эгемендик жылдарынын башында алапайын таппай калган калктын арасында кедейленгендер арбын кездешчү. Айоо дегенди билбес капитализм тушунда өкмөттөн үмтөтүп отуруудан майнап чыкпасын түшүнгөн элдин көбү ушу тапта өз арбайын согуу амалында буту жеткен жердин баарында өлбөстүн күнүн көрүп жүрүшөт. Такталбаган маалыматка караганда, ушу тапта койну кең Орусиянын талаа-түзүндө жарым миллионго жакын улутташтарыбыз жүрүшөт. Антип талаадан насибин издебей, республикада күн кечирип аткандардын кыйын турмушка кабылгандарын тактап чыгыш амалында республиканын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги атайын социалдык паспортторду ишке чегергени жатыры. Адистердин айтымында, жакырчылыктын жаман белгиси деп киши башына 387 сомдон төмөн акча туура келген кожолуктарды айтса болот. Ал эми айына киши башына 624 сомдон туура келген кожолуктар кедейдин кейпин кийип жүргөндөр.

Өкмөт жумуш таппай, ишсиз отургандардын камын ойлоп “Эмгек” программасын кабыл алган. Андан тышкары айтылуу “Аракет”, 2010-жылга чейин созулчу өнүгүүнүн комплекстүү негиздери, жакырчылыкты азайтуу улуттук стратегиясы сындуу кабелтең иштерди камтыган олуттуу документттерди иштеп чыккан. Анткен менен андай бараандуу эмгектин кайрымжысы кайта элек. Тескерисинче, кийинки жылдары республика туташ коррупциянын туткунунда калганы, аны менен күрөшүүгө азыркы бийликтин чама-чаркы жетпей жатканы арбын айтылууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Баткен облус кеңешинин депутаты Хайит Айкыновдун айтымында, карапайым калк өкмөттүн жакырчылыкты жоюу аракетине анчейин ишене бербейт, айтылган сөз кагазда гана калууда:

- Биздин жердин табигый шарты өтө оор, ошондуктан салыштырмалуу алганда бизде жакырлар көп. Мунун себеби эмнеде? Мен биздин элибиз жалкоо деп айталбайм. Бирок ага карата түзүлгөн шарт чектелүү болгондуктан жашоосу кыйын болууда. Ошондон айрымдар четке, кала берсе Орусияга кетишүүдө. Өкмөт тарбынан кабыл алынган токтом, программалар тууралуу көпчүлүк элдин кабары жок. Алар эмне максатты көздөйт, кандай милдеттерди алдыга койот – муну билишпейт. Анда кагазга жазылган жакшы нерселер бар, бирок алар турмушка ашпай атат. Анын себеби аткаруу бийлигинин жакшы иштебей атканына, өз милдетине кайдыгер караганына байланыштуу болуп жатат окшойт. Элдин көпчүлүгү азыр бийликке ишенбейт. Ошондон биздин эл өзүнө гана ишенет. Жери аз, айрым үй-бүлөлөргө 50 сотуктан, айрымдарына 10-15 сотуктан гана тийген. Ошол жерден экиден түшүм алып атса да элдин турмушу оңолуп кеткен жери жок.

Жакырчылыкты жоюу тууралу байма-бай айтып, карапайым калкты убада сөзгө карк кылган азыркы бийликтин астейдил аракети калк тарабынан жапырт колдоо табышы кыйын. Себеп дегенде анын буга чейинки сөзү менен ишинин дал келбегени элдин бийликке карата ишенимин жоготуп салган. Анын үстүнө шайлоо, референдумдардын жыйынтыгынан жалкып калган калк бийлик тарабынан айтылган жакшы демилгеге деле ишенбөөчүлүк менен карап калган.
XS
SM
MD
LG