Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

ИРАК: СОГУШ ТҮЙШҮГҮ ЭМИ БҮЛГҮНЧҮЛҮКТӨН АРЫЛУУ ТҮЙШҮГҮНӨ ОРУН БЕРҮҮДӨ


Согуш аяктап калганы, Иракты калыбына келтирүү иштери кызуу башталды. 23 жыл авторитардык режим, андан кийин 11 жыл эмбарго астында жашаган өлкөнүн эл чарбасын кайра көтөрүп, дүйнөлүк экономикага кошуу аракеттери, бир жагынан, өзгөчө кыйын, экинчи жагынан, кирешелүү да болмокчу. Ушул тапта дүйнө мамлекеттери кирешелүү контракт алууга үмүттөнүп, Ирактагы иштерге тартылууну көздөп турган кез.

“Ал-Иктисади” аттуу экономикалык басылманын башкы редактору Фадел Алинин айтымында, эми Ирак экономикасы согуштун гана эмес, 35 жыл бою мамлекетти башкарып келген “Баас” партиясынын авторитардык системасынын кесепеттеринен да арылышы керек. Аталган басылма жергиликтүү экономисттер ассоциациясы тарабынан чыгарылчу.

“Биз эл аралык биржалардагы көрсөткүчтөрдү же мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы өңдүү маалыматты берчү эмеспиз. Иракта инвесторлор да жок болчу. Мындай маалыматтар калк үчүн пайдалуу же кызыктуу болоорун ойлобойм”, - дейт согуш башталгандан бери жарык көрбөй калган “Аль-Иктисади” журналынын редактору Али.

Өлкө ири мунай экспорттоочу мамлекет болгону менен, карапайым ирактыктар анын пайдасын дээрлик көрүшкөн эмес. 1990-жылы Ирак кошуна Кувейтке басып киргенде ага каршы эл аралык чектөөлөр киргизилген. Ошол санкцияларды жумшартуу максатында БУУнун “Мунай үчүн азык-түлүк” программасы киргизилген. Ирактын 25 миллион калкынын 60 пайызы дээрлик он эки жыл бою ошол долбоордун жардамы менен күн көрүп келди.

“Мунайдын баасы өсөбү же төмөндөйбү, ирактыктар үчүн баары бир болчу. Алар өздөрүнө чегерилген тамак-ашын алып чектелчү”, - дейт Фадел Али.

Анын ишениминде, эми Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин аталган санкциялар алынып салынып, өлкөгө чет мамлекеттик инвестициялар арбын тартылышы абзел. Германия менен Жапониянын экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тажрыйбасын эске салып, Али мырза: “Иракты калыбына келтирүү үчүн дагы бир “Маршалл долбоору” керек”, - дейт.

Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк өлкөгө активдүү жардам көрсөтүүгө даяр тургандыктарын белгилешти. Бирок алардын Иракка келүүсү жаңы өкмөттүн чечимине жараша болмокчу.

Ушул тапта өлкөнү АКШнын жетекчилигиндеги жарандык администрация башкарат. Анын экономика жаатындагы алгачкы аракеттери суу, электр кубаты, телебайланыш өңдүү күнүмдүк турмуш үчүн өтө маанилүү тармактарды калыбына келтирүү менен байланыштуу болууда.

Экинчи баскыч - өткөөл өкмөттү курууга багытталмакчы. Убактылуу өкмөт жаңы конституция иштеп чыкмакчы. Андан кийин жалпы шайлоо аркылуу Ирактын жаңы өкмөтү куралат.

Байкоочулардын айтымында бул жараян жылдарга созулуп кетиши ыктымал. Ошондуктан эл аралык каржы уюмдары өлкөдө кайсы мезгилден тарта аракеттене баштаарын ушул тапта айтуу кыйын.

Бирок АКШнын компаниялары Ирактагы негизги иштерге тартылаары азыртан эле белгилүү. Мисалы “Бектел” фирмасы 680 миллион доллардык контракт алганы маалым болду, “Келлог”, “Браун”, “Руут” фирмалары болсо мунай тармагында иш алып бармакчы. Бул чечимдер башка өлкөлөрдө гана эмес, Американын өзүндө да чоң ызы-чууну жаратты.

Европа Комиссиясы Вашингтондун контракттарды бөлүштүрүү иштерин иликтеп чыгып, алардын Дүйнөлүк Соода уюмунун эрежелерине дал келээр-келбесин аныктамакчы.

Согушта АКШга колдоо көрсөткөн өлкөлөр болсо Ирактагы «чүйгүн майдан» өздөрү үчүн да үлүш тийээрине үмүт кылып, кезекке турушту.

1991-жылга чейин Түркия Ирактын негизги соода шериги болчу. Жума күнү өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган муну эске салып, аймактагы жалгыз мусулман демократиясы катары Түркия Ирактагы саясий жана экономикалык жараяндарга жардам берүү жагынан эң ыңгайлуу өрнөк экенин белгиледи. Анкара 15 жылга 20 миллиард доллардык контракт алууга үмүттөнөт.

Италия миңдеген полиция, саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен катар өз архитекторлорун Иракка жиберүүгө макулдугун берди.

Польшада Ирактагы иштерге тартылууну каалаган фирмалардын саны 500дөн ашат. Поляк компаниялары 1980-жылдары Иракта автожол курууга 700 миллион доллар сарпташкан.Эми алар өз каражаттарын кайтарып алууга үмүткөр.

Румыния болсо Багдадга өз чабарманын жөнөтүп, Перс булуңундагы согушка чейинки карызын кайтарып алуу маселесин козгомокчу. Премьер-министр Адриан Настазинин айтымында, бир жарым миллиард доллардан ашкан карызды акчалай ала албаса да, Бухарест төлөмдөрдүн башка түрлөрүнө да макул болмокчу.

Чех Жумурияты болсо өзүнүн пост-советтик жабдууларын модернизациялоо тажрыйбасына таянып, Ирактын армиясын жана полиция күчтөрүн калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү жаатындагы контракт алууну көздөйт.

Болгария, Мажарстан, Словакия жана башка өлкөлөр да Иракты калыбына келтирүү иш-чараларынан четте калгысы келбейт. Атүгүл АКШны колдобогондор да эми булуңда өздөрүнө ылайыктуу иш караштырып жатышат.

Француз каржы министри жакында атайын жыйын өткөрүп, согуштан кийинки Иракта контракт алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Адистердин айтымында өлкөнү реконструкциялоого канча каражат керектигин эч ким азырынча так айта албайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG