Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

ООГАНСТАНДА ЖАГДАЙ ДАЛЕ ОПУРТАЛ


Ооганстандын тоолуу райондорунда коңул-коогада, жылга-жыбыттарда корголоп калган талиптердин отряддары өкмөттүк аскерлерге, коопсуздук контингентинин күчтөрүнө кол салган учурлар арбыды. Буга кошумча провинцияларды башкарган губернаторлордун ич ара араздашкан басташмайлары басыла элек. Мунун баары Ооганстандагы жаңы режимге кастарын тиккен күчтөрдүн кайра биригишине шарт түзүп, жалпысынан өлкөдө жаңыдан башталып келаткан баракатчылыкка бүлүк салышы ыктымал деген түпөйүл түкшөмөлдөрдү күчөттү.

Өткөөл өкмөттүн ырасмий өкүлдөрү талиптердин калган-каткан отряддары өлкөдөгү кырдаалга олуттуу капшабын тийгезе албайт деген ишенимде. Ички иштер министрлигинин саясий жана диний иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сайид Ишрог Хусейни,мисалы, “Азаттыктын” кабарчысына ушундай пикирин билдирди. Талиптер азыр баштагыдай бирдиктүү жетекчилик алдында уюшкан алдуу-белдүү күч эмес, региондогу жагдайга олуттуу бүлүк сала албайт, деп айтты Саид Хусейни. Бирок талиптер бийликтен кулатылганы менен алардын лидерлери мурдагыдай эле маң аткезчилигин контролдоп, чет жактардагы террордук борборлор менен байланышын сактап калды, Ооганстандагы кырдаалды дестабилдештирүү үчүн алар дале болсо сырттан финансылык колдоо алып турат.

Өткөөл өкмөттүн басма сөз катчысы Саид Фазл-Акбар да кез-кезде талиптер менен тутана калып жаткан кагылыштардан масштабдуу тыянактарды жасоо натуура деп эсептейт. Талиптердин уюшуп, топтолуп алып кол салган бир да учуру боло элек. Алар ашып барса 15-20 чакты кишиден турган майда-барат отряддар. Өкмөттүк аскерлер,эл аралык коопсуздук контингенти алардын сары изине түшүп, талкалап жатат. Талиптер өлкөдө кандайдыр бир ири террордук иштерди жасай албайт, деп ишендирди өкмөттүн өкүлү.

Талиптер менен “ал-каидачылардын” чачылып-чабылгандан калган чакан топтору жергиликтүү калкка жуурулуп,жең ичинен бүлүнтмө иштерге өткөнүн да өкмөт өкүлдөрү моюнга алышат. Ал тургай алар жаңы режимдин амирин тааныгысы келбеген топторго, анын ичинде экс-премьер Гулбидин Хекматиардын кошуундары менен тарапкерлерине кошулуп кетишти. Ошентсе да талиптерге караганда провинцияларды өздөрүнүн жеке музапатына айлантып алган губернаторлордун ич ара араздашып басташмайы ооган өкмөтү үчүн чоң проблема бойдон турат. Жакында эле Фаруб провинциясындагы ич ара уруштардын маалында отуздай адам набыт болду. Мазари-Шариф менен Герат провинциялары акыркы кездери чоң чабыштардын аймагына айланды. Мунун биринчисин өзбек генералы, өкмөттүн коргоо министринин орунбасары Абдул Рашид Достум башкарат. Гераттагы бийликтин башында болсо Исмаил Хан турат.

Аларды контролго алуу Кабулдагы борбордук өкмөт үчүн өтө кыйын болуп баратат. Исмаил Хан, мисалы, акыркы жылда эле алык-салыктан, соода-сатыктан, айыл чарбасынан жергиликтүү казына үчүн миллиондогон доллар киреше түшүрдү, бирок борбордук өкмөткө сокур тыйын да алман которгон жок. Ошентсе да ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармасынын жетекчиси Дин Мохаммад Журат Кабул өкмөтү менен губернаторлордун ортосунда олуттуу талаш-тартыш жок деп ырастайт. Жакында өкмөт бардык провинцияларга атайын комиссияларды жөнөттү, алар жер-жерлерде болуп, жагдай менен таанышып кайтышты. Хорст провинциясында гана айрым бир талаш-тартыштар болду,бирок бардык губернаторлор менен жергиликтүү аскербашылар борбордук өкмөткө ниети түз экенине ишендиришти, дейт Журат.

Деген менен өкмөттүк аскерлердин өлкөдөгү жалпы коопсуздукту камсыз кылганга азырынча чамасы чактык кылат. Муну эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Марк Уайт бышыктайт. Өкмөт коопсуздук күчтөрү акырындап чыңдалып баратат. Жакынкы келечекте алар жалаң Кабулда турсун бүткүл өлкөдө жагдайды өз колунда кармаганга жарап калат. Бирок чейрек кылымга чукул созулган уруштан кийин аркалуу армия түзүү үчүн белгилүү убакыт керек болору кадиксиз, дейт Уайт.
XS
SM
MD
LG