Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бирдиктүү көзөмөл тобунун кезектеги сессиясы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин Бирдиктүү көзөмөл тобунун VIII сессиясы башталды. Анда 1996-жылы Шанхайда кол коюлган «Чек ара аймактарында аскерий ишенимди бекемдөө» жана 1997-жылы Москвада кабылданган «Чек ара аймактарында куралдуу күчтөрдү кыскартуу» деген эки макулдашуунун аткарылышы иликтенип, мындан ары зарыл маалыматтар менен алмашуу туурасында сөз болот. Мындан тышкары топтун мүчөлөрү чек ара аймактарындагы аскердик күчтөрдү чогуу текшерүүнүн бир жылдык планын бекитишет. Бул маселелерди Кытайдын, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын коргоо, тышкы иштер жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү кирген бирдиктүү делегация талкуулап жатат. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кытай делегациясынын башчысы Сунь Янь Хеньдин айтымында, аталган макулдашуулардын аткарылышын чогуу текшерүү быйыл июнь айынан сентябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG