Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН БИРГЕЛЕШКЕН КӨЗӨМӨЛ ТОБУНУН БИШКЕК ЖЫЙЫНЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун VIII сессиясын өткөрүү максатында 20-апрелде Бишкекке чогулушту. «Пинара» мейманканасында башталып, төрт күнгө созула турган бул отурумда чек арадагы ишенимди арттыруу, аскердик күчтөр тууралуу маалыматтарды алмашуу жана аскердик машыгууларды биргелешип өткөрүп туруу боюнча маселелер талкууга алынмакчы.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобу - аткаруучу орган. Анын милдети - 1996-жылы Шанхайда Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары кол койгон «Чек ара аймактарындагы аскердик ишенимди арттыруу жөнүндөгү» келишимди жана 1997-жылы Москвада ушул эле өлкөнүн жетекчилери кол койгон «Чек ара аймактарында жайгашкан аскер күчтөрүн азайтуу жөнүндөгү» келишимди аткаруу болуп эсептелет. Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобу жылына эки ирет - ар бир алты айда жыйналат да, ал жыйын сессия деп аталат.

Айта кетүү керек: Шанхай Кызматташтык Уюмун дүйнө коомчулугу аскердик күч санап, аны НАТОго атаандаш катары да карашууда. Аны бул уюмдун барган сайын кабыргасы катып, күч ала баштаганынан да билсе болот.

«Биргелешкен көзөмөл тобунун бул жолку сессиясында кандай маселелер каралат?» - деген «Азаттыктын» суроосуна Орусия президентинин Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча атайын өкүлү Виталий Воробьев мындай деди:

- Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун бул жолку Бишкектеги отурумунда 1996-жана 1997-жылдардагы келишимдердин кандай аткарылып жатканы тууралуу сөз кылабыз. Аталган келишимдерде Кытай менен чектеш аймактарда жайгашкан аскер күчтөрүн азайтуу каралган. Ал үчүн Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкүлдөрүбир топко биригип, Кытайдын чек арада жайгашкан аскер күчтөрүнүн санын алышат. Кытайдын аскер адистери да аталган төрт мамлекеттин Кытай менен чектеш аймактарындагы аскер күчтөрүнүн санын көзөмөлгө алышат. Биз бул жолку жыйыныбызда ушундай көзөмөл иштеринин 2003-жылдагы графигин аныктап, тактайбыз.

Анын айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун аталган келишимдери Азия аймагында эле эмес, дүйнөдө да жаңылык катары кабыл алынууда:

- Себеби, бул документтер беш мамлекеттин ортосундагы өтө аяр мамилени талап кылган, чек аралардагы аскер күчтөрүнүн өз ара ишенимин арттырууга кызмат кылууда.

Орусиянын өкүлүнүн бул айткандарын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө ыйгарымдуу элчиси Сунь Янь Хе да бышыктады:

- 1997-жылдагы келишим чек аралардагы аскер күчтөрүнүн санын чектөөгө багытталган. Биз бул жолу анын аткарылышын талкуулайбыз. Айтып кое турган нерсе, аталган келишим жакшы иштеп жатат.

Жыйында чек арага чукул жайгашкан аскер обьектилерин жана аскер күчтөрүн текшерүүнүн планы талкуулангандан кийин, атайын документ бекитилмекчи.

- Бул жолку жыйында биз чек арага жакын жайгашкан аскер обьектилерин жана аскер күчтөрүн текшерүүнүн 2003-жылдагы планын тактайбыз. Анын негизинде бир келишимге келгенден кийин жыйынтыктоочу протоколго кол коёбуз, - деди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Улан Жусупов.

Жыйындын жүрүшүндө Кытайдын өкүлү Сунь Янь Хе «чек арага жакын жайгашкан аскер күчтөрү тууралуу маалыматтарды жыл сайын жаңыртып, алмашып туралы» деген сунушун айтты. Сунь Янь Хе ошондой эле быйыл август айында Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген Кытай менен Казакстан аскердик машыгууларды чогуу өткөрүшөөрүн билдирди:

- Терроризмге каршы күрөшүүчү аскерлердин бул машыгуусу Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдейт деген ишеничтебиз. Бул маселеге байланыштуу калган мамлекеттердин да сунушун карап көрүүгө даярбыз.

Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү бир күн мурда эле жыйналып, биргелешкен топ катары өз сунуштарын иштеп чыгышкан экен. Бул төрт мамлекеттин атынан сүйлөгөн Виталий Воробьев Кытайдын өкүлү Сунь Янь Хенин «чек арага жакын жайгашкан аскердик күчтөр тууралуу маалыматтарды жыл сайын жаңыртып, алмашып туралы» деген сунушун колдоого алды:

- Бул маселеге эч кандай каршылык жок.

Виталий Воробьев ошондой эле чек араларда аскердик күчтөр аралашкан жагымсыз окуялар тууралуу маалыматтарды алмашып туралы деген сунушун ортого салды:

- Чек араларда аскер күчтөрү аралашкан жагымсыз окуялар боло калат. Алар тууралуу маалыматтарды алмашып туруунун жолдорун иштеп чыгышыбыз керек. Менимче, бул ишти аскер адистерине тапшырганыбыз оң.

Бишкектеги бул жыйында кабыл алынган чечимдер Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 29-апрелде Алматы шаарында баштала турган жолугушуусунда жана уюмга кирген мамлекеттердин жетекчилеринин бир айдан кийин Москвада боло турган жолугушуусунда талкууланмакчы.
XS
SM
MD
LG