Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Багдаддагы кырсыктан бир бала, 4 америкалык аскер жараат алды


АКШнын Армиясынын маалымдашынча, ишемби күнү бир бала америкалык аскерлерге бомбаны сунуп жатканда, бомба жарылып кетти. Төрт аскердин үчөөнү ооруканага алып кетишти. Жергиликтүүлөрдөн бирөө көтөрүп кеткен жарадар баланы издеп таппай калышты.
Соңку кабарларга караганда, Ирак полициясы өлкөнүн мурдагы финансы министрин АКШнын армиясына кармап берди.
Ал эми АКШнын генералы Буфорд Блон бүгүн Багдаддын эл аралык аба бекети гуманитардык каттамдарды кабыл алууга бир аптада даяр болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG