Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

БАРСБЕК КАГАНДЫН ЖЫЛДЫЗДУУ БИЙЛИК УЧУРУ


Барсбек кагандын тарыхый ишмердиги туурасында китептер жазылып, көчүрмө ойлор бир макаладан экинчисинде кайталанып жүргөнү менен, өкүмдардын өмүр жолуна байланышкан чаташ проблемалар арбын.

Чыгыш Түрк каганатынын Борбордук Азиянын кыйырын ээлеп калыш аракети акыры кыргыздар менен саясий тирешүүнү жаратты. Чыгыш түрк өкүмдарлары Барсбек каганга карындашын күйөөгө берип, анын саясий ооматын таанышынын бир канча себептери болгон. Асыресе, анын бири Кыргыз каганатынын аскердик-саясий күчү болсо, экинчиден, Капаган каган, Тонюкук баш болгон чыгыш түрк билермандары кыргыздарды кудалык мамиледе кармап, аларга карата жасалган касаканалыгы экендиги талашсыз. Барсбек менен жетишилген саясий ымаланын натыйжасында II Чыгыш Түрк каганаты Кытай мамлекетинин түндүк-батыш багытындагы активдүүлүгүн токтотуп, 689-708-жж. аралыгында түрк өлкөсүнүн батыш чек арасы Танну-Ола, Алтай жана Тарбагатай аркылуу өткөн.

Кыязы, чыгыш түрктөрдүн кыргыздар менен болгон мамилесинин бузулушу 706-707-жылдардагы окуяга байланыштуу окшойт. Бул убакта чыгыш түрктөрү Керуленден Байкалга чейинки аймакты ээлеген байырку аттуу элди басып алышкан. Кытай жазма булактарынын маалыматына караганда, Кыргыз каганатынын чыгыш чеги Байкал боюнда жашаган курыкандарга чейин жеткен. Чыгыш түрктөрүнүн кыргыз кызыкчылыгына көз артышы эки өлкө ортосундагы мамилени ачык араздашуу абалына жеткизген.

Бекеринен кыргыздардын Кытай мамлекетине жасаган элчилиги 707-жылга туш келбесе керек. Борбордук Азиянын чыгышында өнүккөн саясий окуяларга караганда, II Чыгыш Түрк каганатына каршы уюшулган коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү ушул жылы башталган шекилди. Мындагы саясий окуянын өнүгүү өңүтүнө ылайык чыгыш түрктөрүнө каршы куралган Кыргыз, Кытай, Түргөш мамлекеттер биримдигинин демилгечиси, кыязы, кыргыздар болгон окшойт.

Билге кагандын эстелигинде «качан мен 26да экенимде чик эли менен кыргыздар мага душман болушту» деп, эки өлкөнүн арасы ачылган убак так кабарланат. Билге кагандын 26 жаш курагы 709- жана 710-жылга туш келет. Кыргыздардын II Чыгыш Түрк каганатына каршы аракет көрө башташы 709-жылкы окуяга байланыштуу. Буга чейин өлкөнүн чыгыш чегин бекемдеген түрк кагандары 709-жылы Борбордук жана Батыш Тувада жашаган жана кыргыздарга баш ийген чик жана аз элин басып алган.

Барсбек каган мындай касаканага каршы чечкиндүү аракет көрө баштады. 709-жылы кыргыз элчиси Кытай императору Чжун Цзун менен жолугушуп, Барсбектин элчиси Эзгене түргөш өкүмдары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Тонюкуктун эстелигинде түргөш каганы «менин элим ал жакта болот же чыгыш түрктөргө каршы согушат» деп убада берген. Ошол эле Тонюкук, Култегиндин таш жазууларына ылайык Кыргыз, Кытай, Түргөш өлкөлөрү Чыгыш Түрк каганатына каршы 711-жылдын жай айында чабуул коёбуз деп макулдашышкан.

Барсбек каган белгилеген мерчемдин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына 710-жылкы Кытай империясындагы так алмашуу терс таасирин тийгизген. Так талаштын натыйжасында Тан бийлигине эрки бош император Жуй Цзун келген. Империяда орун алган башаламандык туурасында Барсбек каган толук кабардар болгон. Кытай жазма булактарына караганда, «Тан империясына кирүүнү каалабаган кыргыз элчилиги Тибетте жүрөт» деп кабарланат. Кыргыз руникалык жазууларына ылайык Тибетте жүргөн кыргыз элчиси Эрен Улуг болгон.

Демек, Барсбек каган Кытайдагы так талаш белгиленген максатка кандайча терс таасир тийгизээрин туюп, жүүнү бош император Жуй Цзундан көөнү калып, Эрен Улугду Тибетке элчиликке жөнөткөн. Барсбектин мындай чапчаң аракетинен, анын саясий кырдаалды жетик түшүнгөн көсөмдүгүн баамдайбыз. Анткени, Тибет мамлекети менен кыргыздардын мамилеси Чыгыш Түркстан аймагында тогошуп, эки тараптуу кызыкчылыкка жооп берген. Тибет бийлиги Батыш менен Чыгышты байланыштырган, түйүндөшкөн кербен жолунун өңүтү эсептелген Чыгыш Түркстан үчүн эзелтеден күрөш жүргүзүп келген. Барсбек кагандын мезгилинде кыргыздар менен Тибет өлкөсүнүн чеги ушул аймакта байланышкан. Барсбек кагандын убагында башталган кыргыз-тибет алакасы кийин уйгурлар күчөп турган мезгилде да үзүлгөн эмес.

Ошондуктан II Чыгыш Түрк каганатынын басып алууларына каршы жасалган аракет адегенде кыргыздар тарабынан көрүлүп, аларга багытталып уюшулган коалициянын демилгечиси Барсбек каган болгон. Чыгыш Түрк кагандарынын акылманы Тонюкук «Кытай каганы биздин душманыбыз эле, түргөш каганы биздин душманыбыз, бирок эң коркунучтуу жообуз - күчтүү кыргыз каганы», деп мойнуна алган.

Барсбек кагандын бийлигинин жылдызы жалаң эле саясий өңүттө жанбай, бул убакта Кыргыз каганатынын ички башкаруу бийлик системасы калыптанган. Кытай мамлекетинен билим алган жаштар өлкөнүн саясий-экономикалык беделин көтөрүп, Кыргыз каганатынын атагын арттырган.
XS
SM
MD
LG