Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

«Акылмандан кеп, акындан ыр калат» дегендей, айкөлдүгү, акылмандыгы, болочокту көрө билген көзү ачыктыгы, жакшы менен жаманды, алаамат менен апатты алдын-ала айткан олуялыгы, канаттуу санаттары, термелери, ырлары, нускалуу кептери менен ысымы кылымдан-кылымга кыдыра уламага айланган залкар шайырдын бири – Асан Кайгы болуптур.

Ал качан, кайсы жылы, кайсыл айылда, кандай үй-бүлөдө туулганы жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Бир гана эл арасында айтылып калган көптөгөн уламаларда, имиштерде, айрым бир каймана маанидеги тарыхый булактардагы боолголорго караганда Асан Кайгы XIV-XV кылымдарда жашап өтүптүр. Залкар шайырдын замандаштары - Жээренче чечен,Толубай сынчы, Алдар көсөө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы бирге жүрүп, бирге туруп, турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө келгенден өмүр өткөнгө чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты, таш боордукту, ырайымсыздыкты - бир сөз менен айтканда пендечиликтеги бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөптүр. Тек гана ал Кудай-Тааладан, адамдардан бейпилдикти, теңдикти, эркиндикти, барчылык менен токчулукту, үйрүлө түшкөн боорукерчиликти, кайрымдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү тилеп, издеп, кейип-кепчип жүрүп, арманда көзү ачык өтүптүр. Тилекке каршы Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деп, Крымга чейин барып татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон, өзүмчүл, ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан ал бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын, элди жоо, доо басып, чабылып-чачылып, самандай сапырылганына өтө кейип, өзгөчө жаны ачып, басса-турса да «элимдин келечеги, көргөн күнү, жан-жаныбарлары, макулуктары не болот» деп кейип, убайым жеп, кайгы тартып жүргөндүктөн эл Асанды «Асан Кайгы» дешиптир. Бара-бара ал ысым муундан-муундарга өтүп, ылакапка айланыптыр. Түрк тилдүү элдердин ичинен Асан Кайгы жөнүндө көптөгөн уламалар, аңыздар айтылып, мурастар сакталып келет. Алардын бардыгында каардуу Жаныбек хандын бийлиги сындалат. Кыргыздардын оозеки адабиятындагы сакталып калган үлгүсүндө Асан Кайгы Жаныбек ханды:

«Ай кан, мен айтпасам билбейсиң,
Айтканыма көнбөйсүң.
Чабылып жаткан калкың бар.
Аймагын көздөп көрбөйсүң.
Кымыз ичип кызарып тердейсиң.
Өрөпкүп неге сүйлөйсүң?
Катын алдың карадан
Айрылдың хандык каададан.
Элге эге уул таппас,
Айрылаар ата мурастан», – деп айбын ача узун сабак сындап ырдап, акырында: «Кош, аман бол, Жаныбек, эми мени көрбөйсүң», - деп бейпил жерди издеп, каракалпак, казак, ногой элдерин кыдырат. Аяктан да тынч жер таба албайт. Акыры Чүйгө келет. Ал: «Чүй жериңден чуу кетпес, канча эрдин башын жутаар экенсиң» - деп, капалана Кочкорго аттанат. Аны көрөөрү менен: «Кочкор эмес, кокуй экен, тогуз жолдун тоому экен, бөрү койдун чаркы экен, ууру, бөрү көп болот» деп, чай кайнам токтобой Атбашы, Нарын, Жумгал, Тогузторо, Ысыккөлдү кыдырат. Баарысына мүнөздөп баа берет. Маселен Ысыккөлгө «кош ообас, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер экен, эли ток болот, бирок көз арткандар көп болот», деп жанын ачытыптыр.

Жылдардын бир жылдарында Асан Кайгы жердеген кыргыз жеринде кар калың жаап, түкүргөн түкүрүк жерге түшпөй тоңгон катуу суук болот. Ошондо Асан Кайгы адамдарга эле эмес, жер жүзүндө жашаган жан-жаныбарларга, макулуктарга жанын ачыта мындайча ырга кошуптур:

Салган тамы жок,
Кылган камы жок,
Алган даны жок.,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү-башын көгөртүп,
Баягы көгөн байкуш кантти экен?
Жатаарына жайы жок,
Көрө турган көзү жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Суукка муздап,
Сөөгү сыздап,
Чалбарларын кие албай,
Чалдар байкуш кантти экен?
Байпактарын кие албай
Балдар байкуш кантти экен?
Келин тил албай,
Жөн басып жүрө албай,
Кемпир байкуш кантти экен?

Мына ушундай көөнөрбөс айтымдарды, ырларды, терме-санаттарды, макал-ылакаптарды жараткан улуу ойчул Асан Кайгынын сөөгү Жийдели басымына, Улуутоонун салаасына, Ысыккөлдүн боюна коюлган деген имиштер да айтылып келет.
XS
SM
MD
LG