Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

ИРАКТАГЫ СОГУШ ЖАНА ЭРКИНДИК ЭКСПОРТУ


Ирактагы аскери кампаниянын ийгилигин Батыштагы көпчүлүк басылмалар көтөрүңкү авазда комментариялап жатышат. Үч аптанын ичинде дүйнөдөгү дагы бир диктатуранын чарасын тапканга жетишип, коалиция, айрыкча Кошмо Штаттары репрессивдүү башка режимдерге да олуттуу эскертүү жасады. Ошол эле учурда экинчи бир баяндамалар эркиндикти баса көктөп экспорттогонго болбой тургандыгын, анын арты айланып кайра Батыштын өзүнө колок болуп атыларын эскертип жатышат.

“Үч апталык согуш” атыккан Ирактагы аскерий кампания машагына чыгып баратат, Кошмо Штаттары эми башка максаттарды жана буталарды караштыра баштады. Дүйнөлүк диктаторлор болсо келерки кезек кимге келерин түкшөмөлдөй албай, түпөйүл санаага түшкөнсүнөт. Эмнеси болсо да элден озунуп белорус президенти Александр Лукашенко “американизм коркунучу” жөнүндө айтып чыкты, ал эми Түркмөнстанда, айрым маалыматтарга караганда, аскерий машыгуулар башталды. Өткөн аптанын этегинде америкалык вице-президент Дик Чейни, анын соңунан Вашингтон администрациясынын аттуу-баштуу башка да бир катар өкүлдөрү Ирактагы террористтик режимди кулатып, Кошмо Штаттары жазыксыз элдерге, анын ичинде өз калкына зобун-зордук көрсөткөн күчтөрдүн баарына кулак кагыш кылганын бир нече курдай баса белгилеп айтышкан эле.

Вашингтондук ырасмий өкүлдөрдүн бул сөздөрүн коштоп, ”Чикаго трибюн” гезити Ирактагы кампаниянын ийгилиги дүйнөлүк диктаторлор үчүн чын эле коомдук сабак болду деп белгиледи. Муну бышыктаганы басылмалар Корей жарым аралындагы кырдаалдын кылоосу кескин мокой түшкөнүн далилге тартышты. Пхеньян баштагы кыябынан кыйла жоошуп, Вашингтон менен гана тикелей сүйлөшүүнү талап кылган мурдагы шартынан баш тартты. Эмдиги аптанын орто ченинде Пекинде тараптардын талкуу-таңашы башталат, ага Түндүк Кореянын башкы саясий союздашы - Кытай ортомчулук кылат.

Иши кылып, Ирактагы кампаниянын ийгилигине шыктанган айрым баяндамачылар менен эксперттер, алардын ичинде америкалык ишкерлер институтунун кызматкери Майкл Лиден “террорго маш болгон калган адистерди да кулатканга оңтойлуу удул келип турганын” айтып жатышат. Лиден, мисалы, Иранда америкалыктар кезектеги кайсоорун жеңишке жете аларына ишенет. Ирандыктардын азыркы режимден журт көчкөндөй көңүлү калды, эгер алар Кошмо Штаттарынан колдоо алса, Тегерандагы режимге каршы ачык көтөрүлүп чыгат, деп эсептейт Лиден.

Бирок эркиндиктин экспорту куну кымбат иш. Вашингтондук өкүлдөрдүн сөздөрүн деле Кошмо Штаттары жер жүзүндөгү диктаторлук режимдердин баарын алмаштырып, алардын ордуна либерал-демократтарды отургузуп чыкканга камынып калгандай кабыл алганга болбойт. Ирак күч колдонууга туура келген өзгөчө бир жагдай болду, деп ырастады мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, андыктан “үч апталык согуш” дүйнөдөгү бардык проблеманы чечүүнүн модели боло албайт. Ирактагы кампаниянын ийгилиги Кошмо Штаттарынын казынасына 20 миллиард долларга турду. Анын үстүнө Батыштагы айрым комментаторлор эркиндикти ушундай усулда экспортко чыгаруу опуртал иш экенине, анын реалдуулугуна коалициянын өлкөлөрү, биринчи кезекте Кошмо Штаттары өздөрү да ишенбей тургандыгын белгилеп жатышат. Британдык “Индепендент” гезитинин абройлуу баяндамачысы Роберт Фиск атүгүл Иракты боштондукка чыгаруу кампаниясы эртең жок бүрсүгүнү “жалпы араптардын америкалыктарды боштондукка чыгаруу согушуна” айланып кетиши ыктымал экендигин эскертти. Мунун соңунан “Таймс” гезити демократиялык коом эң кыйын учурларда да моралдык алда канча бийик принциптерден жанбас керек деп белгиледи. Азыркы антитеррордук кампаниянын жүрүшүндө, тилекке каршы, мындай айныксыз эрежелер, гезиттин баасында, дайыма эле кынтыксыз сакталып жаткан жок.

Репрессивдүү режимдерди демократиялык жолго шыкактоодо аларды баса көктөп омуроологонго караганда өнүгүү жагынан жардамдашуу алда канча таасирдүү болорун Вашингтондо, арийне, жакшы билишет. Жакында эле, мисалы, Өзбекстан менен аскери жана саясий тармакта кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Ошол эле учурда мамлекеттик департамент, андан мурдараак АКШнын Ташкендеги элчиси адам укуктарынын абалы Өзбекстанда иш жүзүндө өзгөрбөгөндүгүн белгилеген эле. Демократияны жайылтуу жолунда Вашингтон ушундай усулду үзүрлүү деп эсептей тургандыгын жогорку даражалуу америкалык дипломат да ырастады.
XS
SM
MD
LG