Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:40

ОРУСИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ, ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН КЕЛИШИНЕ ШАРТ ТҮЗГӨН ТОКТОМ, ӨЗГӨН КЫРСЫГЫНЫН ЖЫШААНЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Орусия менен карым-катнашты өөрчүтүү багытындагы иш-чаралар, 28 өлкөнүн жарандарына виза жеңилдигин берген токтомдун кабыл алынышы, үстөккө-босток болгон табигый кырсыктар өткөн жумадагы негизги окуялар болуп калды.

Өткөн аптадагы окуялар Кыргызстандын КМШ багытындагы, айрыкча Орусия менен болгон карым-катнаштары күчөп баратканына кыйыр түрдө болсо да далил боло алат. Алыс барбай эле, Орусиянын жооптуу кызмат адамдарынын Кыргызстанга келген иш сапарларын атап өтсө болот. Мисалы, Бишкекке Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Лебедев келип, өлкө жетекчилиги менен жолугушуп кайтты. Ортодо эмне кеп-сөз болгону белгисиз. Ярославль облусунун губернатору Анатолий Лисицын болсо Ошко келип, өз облусунда оштук жумушчуларды иш менен камсыздоого милдеттенген келишимге кол койду. Ал ошондой эле Орусия менен кызматташып жаткан Ош насос заводунун продукциясын көрүп чыгып, Ярославлдагы «Балкан жылдызы» тамеки заводун камсыздаган тамеки ферментациялоочу заводдун иши менен таанышты.

17-18-апрелде Москвада Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык жана илимий техникалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын алтынчы отуруму болду. Кыргызстандын делегациясын өкмөт башчы Николай Танаев баштап барып келди. Аны менен Орусиянын «Газпром» акционердик коомунун башчысы Алексей Миллердин Москвадагы жолугушуусунда тараптар газ тармагында кызматташуу боюнча келишимге май айында кол коюуга макулдашты. Мындан тышкары, иш сапарынын учурунда Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарын укуктук жактан коргоого шарт түзө турган миграция багытында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Ырасмий Бишкектин Шериктештик алкагындагы активдүүлүгүн кыргызстандыктардын КМШнын башкаруу органдарынын жетекчилигине көбүрөөк көрсөтүлө башташы да кыйыр түрдө даилдеп тургандай. Мисалы, КМШнын Өкмөт башчылар кеңешин азыр Николай Танаев, Экономикалык кеңешин – вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт. Ал эми Шериктештиктин Экономикалык сотунун төрайымдыгына Анара Керимбаева жакында эле шайланган. Мындан тышкары Роза Акназарова, Валерий Верчагин жана башкалар КМШнын башка органдарында жетекчилик кызматты аркалап келатышат.

Ички саясий багыттагы урунттуу окуяларды эске алсак, Феликс Куловго байланыштуу «Химсинтез» ишин жабуу тууралуу адвокат Любовь Иванованын өтүнүч катын Башкы прокуратура канааттандырган жок. Ал арада «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев Кыргызстанда Орусиянын аскер базасынын жайгашышын колдобой тургандыгын билдирди. Анын пикири боюнча, Кыргызстандын Кант аэродромуна Орусиянын аз сандагы учактарын жайгаштыруу эл аралык терроризм менен күрөштө күч болуп бере албайт. Кыясы, басма сөз беттеринде жакында жарыкка чыккан маектеринин биринде АКШнын Иракка каршы аракетин ачык колдогон Феликс Куловдун пикиринен кийин, ал башкарган партиянын жетекчилиги да америкачыл саясатты кармануу чечимине биротоло бекиген өңдүү.

«Кумтөр» алтын кени иштетиле баштагандан бери 115 тонна алтын казылган. Андан «188 миллион доллар алынат» деп долбоордо көрсөтүлгөн каражаттын үчтөн бири, тактап айтканда, 63 миллион гана доллар казынага түшкөн. «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов мунун себептерин дүйнөдө алтындын баасынын кескин түшүп кетиши, компанияга салык жагынан берилген жеңилдиктер өңдүү жагдайлар менен түшүндүрдү. Бирок саясатчылар арасында бул тууралуу башка пикирлер да бар. Атап айткандай, «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев Кумтөрдөгү начар көрсөткүчтөрдү алтын казуучу компания менен азыркы бийликтин кызыкчылыгы бир болуп жатканынан көрөт:

- Мында бийлик өзү компаниянын адвокаты болуп алды. Элдин адвокаты эмес!

Антсе да, расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын экономикасынын соңку 3 ай ичиндеги көрсөткүчтөрү жаман эмес. Улуттук статистика комитетинин башчысы Зарылбек Кудабаевдин айтымында, 2003-жылдын 3 айында өлкөнүн ички дүң продуктусу 5,2% өстү. Январь-февраль айларында тышкы сооданын көлөмү 144 млн. долларга жакын болуп, анын ичинде экспорт 79 млн. долларга, импорт 75 млн. долларга чамалап барган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 10,7% өсүп, импорт 11% кыскарган.

Ал арада АКШнын, Түштүк Кореянын жана Европадагы 26 мамлекеттин жарандарына жеңилдетилген виза менен Кыргызстанга келип кетүүгө шарт түзгөн токтомду кыргыз өкмөтү 15-апрелде кабыл алды. Тизмеге кирген 28 мамлекеттин жарандары бир айлык мөөнөткө Кыргызстанга келип кетүү визасын өлкөнүн чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жекече түрдө кайрылуу менен ала алат. Алардын Ички иштер министрлигинде сөзсүз катталышы эми зарыл эмес.

Чындыгында өкмөт мындай кадамга бекеринен барып жаткан жери жок. 2002-жылы Кыргызстандын экономикасына жасалган түз инвестициялардын көлөмү 108 млн. доллар болгон. Бул 2001-жылга салыштырмалуу 20% көп. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин пикири боюнча, дүйнөдө инвестициялык аракеттер солгун тартып турган азыркы шартта Кыргызстанга инвестициялардын көп келип жатышы өзгөчө маанилүү көрүнүш.
20-апрелде Өзгөн районунда 38 адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктын жышаанасы да өткөн аптада эле башталды. Бин нече күн бою аба ырайынын кескин өзгөрүшү бир катар табыгый кырсыктарга алып келди. Атап айтканда, Торугарт-Бишкек жолунунун 65-чакырымында кар көчкү жүрүп, жол каттамы токтоп калды. Оштун Өзгөн районундагы Алтынбулак айыл өкмөтүнө караштуу Кандулак кыштагына жакын жерден 900 миң куб. метр жер кыртышы сүрүлүп түштү. Кооптуу деп эсептелген жерден 9 үй-бүлө көчүрүлдү. Каракулжа районундагы Каракулжа дарыясында да суунун көлөмү үч эсе көбөйүп, чоң көпүрөгө коркунуч жаратканы бар. Ал эми Каракулжа–Алайкуу жолундагы кыян аралаш майда жер көчкүлөрдөн жол бүтөлүп калды. Мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана 14-15-апрелде жааган кар аралаш жаан Атбашы дарыясындагы суунун деңгээлин кескин көтөрүп, жээкке жакын жайгашкан 234 үйдү суу каптап кетүү коркунучун пайда кылды. Жаандан улам ылай, кум аралаш агып келген сууну чыпкалаганга кубаты жетпегендиктен, «Ош шаардык суу каналы» ишканасы суу түтүгүн жаап салды. Ушундан улам Ош шаарынын тургундары нааразылык акциясын уюштуруп, жол тосууга чыгышты. Төрт күндүк жаандан кийин Жалалабаддагы жолдорду көчкүлөр тосуп, сел каптай баштады. Сузактын Чангенсай капчыгайында узундугу 300 метр, туурасы 200 метр, көлөмү 400 миң куб метр келген жер көчтү. Унаа жүрүүчү 8 метр жол жуулду. Селдин айынан Ош-Бишкек жолунун 456-чакырымы жабылып, унаалар Ташкөмүр шаарынын ичи менен өтүүгө аргасыз болушту. Булардын баары канчалык экономикалык чыгым алып келгени азырынча эсептелип бүтө элек.
XS
SM
MD
LG