Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Ч.Айтматовго эл аралык сыйлык берилди


БИШКЕК. Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовго «Эл аралык Олимп» аттуу конкурстун «Эл аралык сыйлыктын лауреаты» деген наамы берилди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, мындай чечимди конкурстун эл аралык уюштуруу кеңеши Москвада өткөн жумада кабыл алды. Чынгыз Айтматовго бул сыйлык КМШнын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн берилди. Кыргыз жазуучусунан тышкары бул сыйлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да татыктуу болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG