Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Кыргызстандын министрлери, кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын иши ийгиликтүү болду деп эсептешет


БИШКЕК. Орусия Кыргызстандын карыздарынын ордуна өлкөнүн бир катар ишканаларынын акцияларын алуу маселесин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, карыздын ордуна кыргыз тарап Бишкектеги машина куруу, «Айнур» заводдорунун, Карабалта тоо-кен комбинатынын жана башка заводдордун акцияларын сунуш кылууда. Маалымат жыйынына катышкан тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун айтымында, орус тарап Кажысайдагы уу калдыктары көмүлгөн жерди зыянсыздандыруу иштерине 50 миң доллар тегерегинде каражат бөлөөрүн жана Кыргызстандагы уу калдыктары боюнча МАГАТЭнин (Атомдук энергия боюнча эл аралык уюм) алдында маселе коерун билдирген. Министрлердин айтымында, Москвада өткөн өкмөт аралык комиссия жыйынынын күн тартибинде 17 маселе коюлуп, анын баары ийгиликтүү чечилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG