Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Парламент мунапыс тууралуу мыйзам долбоорлорун карап жатат


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата «Мунапыс берүү жөнүндөгү» эки мыйзам долбоорун кароого киришти. Анын бири депутат Азимбек Бекназаров, экинчиси өкмөт тарабынан даярдалган. Азимбек Бекназаровдун долбоору боюнча мунапыс 744 адамга берилип, 13 миңден ашык адамдын жазасы кыскартылышы керек. Ал эми өкмөттүкү боюнча мунапыс 1960 адамга берилип, 11306 адамдын жаза мөөнөтү азайтылат. А.Бекназаровдун маалыматы боюнча, бул эки мыйзамдагы негизги айырмачылык - кызматтык кылмыштарга байланыштуу. Анткени өкмөт «кызматтык кылмыш жасап, Кылмыш-Жаза кодексинин алты беренеси боюнча жазаланган адамдарга мунапыс берилсин» деген жобо киргизген. Андан тышкары, депутат өкмөттүн «киши өлтүргөн 19 аялга мунапыс берилсин» деген беренесине макул эмес. Палата мыйзам долбоорлорун талкуулоону эртең улантат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG