Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Сирия АКШ президентинин соңку билдирүүсүн кубаттады


Өлкөнүн тышкы иштер министри Фарук ал-Шараа Дамаскта испаниялык кесиптеши менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Буштун сөздөрү "олуттуу жана конструктивдүү диалогдун" башталышы болоруна ишеним билдирди. Кечээ АКШ президенти Жорж Буш Сирия Саддам Хусейндин режиминин өкүлдөрүнө башпаанек бербөө жөнүндөгү талаптарды уга баштаганын көргөзгөн оң белгилер бар экенин айткан. Сирия тышкы иштер министринин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда,анын өлкөсү ирактыктарга Сирияга эркин кирип –чыгууга жол бербейт жана алардан виза алууну талап кылмакчы. Фарук ал-Шараа, ошондой эле, Дамаск Вашингтон менен конфронтацияны каалабасын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG