Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН ӨКМӨТ ДЕЛЕ ОЙЛОЙТ


Соңку кездери кыйла жандана түшкөн кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык карым-катнаштары тууралуу Кыргызстанда эки ачакей пикирлер айтылат. Кыргыз өкмөтү Орусия менен карым-катыш тереңдеп баратканына басым жасаса, айрым аналитиктер “Москва Кыргызстанды саясий кызыкчылыгы кыстап келгенде гана эстейт” деген пикирде.

Дүйшөмбүдө Бишкекте маалымат жыйыны өттү. Маалымат жыйынын ачкан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева Москвада өткөн кыргыз-орус комиссиясынын 6-отурумунда 17ге жакын маселе талкууланып, мурунку отурумда белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, мындан аркы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык багыттарда ишке ашырылчу милдеттер жайында кенен-кесир кеп болгонун белгиледи.

- Өкмөт аралык комиссиянын 6-отуруму биздин өтүнүчүбүз боюнча 1 ай мурда өткөрүлдү,- деп айтты Лидия Иманалиева.- Анткени май айында жумуштар көбөйүп кетет, ошондон азыркыдай комиссияны бир жерге чогултуу кыйын.

Кыргызстандын Орусияга карызын жоюу маселесине токтолгон Лидия Иманалиева, азырынча тараптар маселени ар тараптан иликтеп чыгууну туура тапканын маалымдады:

- Кыргызстандын Орусияга карызын жоюу маселеси бул отурумда да козголду. Өткөн жылдын декабрь айында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапары учурунда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын жоюунун жолдору так белгиленип, болгон маселенин баары ачык чечилген. Ошондон улам биз бул жолу негизинен карызга мүлктү баалап берүү маселесин гана карадык.

Лидия Иманалиева Орусиянын “Четтен келгендердин укуктары жана жарандык тууралуу” мыйзамы күчүнө киргенден бери ал жердеги улутташтарыбыздын абалы кыйла кыйындаганына токтолуп, Кыргызстан тарап атайын протокол даярдаганын, буюрса документке май айында кол коюлаарын маалым кылды:

- Орусиялык тарап документти жакшылап иликтеп чыгыш үчүн убакыт сурады. Анткени анда кыргызстандык эмгек мигранттарынын чек арадан өтүүсү кыйла жеңилдеп, миграция картасын алуу арзандатылган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков орусиялык “Газпром” акционердик компаниясы Кыргызстанда газ чалгындоо иштерине кызыкдар экенин билдирди:

- “Газпром” буга макул.- Май айынын ортосунда анын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ошондо бул маселе толук чечилет.

Орусия Кыргызстандагы уран калдыктарынын сакталышына жардам көрсөтө тургандыгын өлкөнүн тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков маалым кылды:

- Кыргызстан МАГАТЭнин мүчөсү эмес. Орусия Кыргызстандын бул уюмга мүчө болуп киришине көмөк көрсөтүп, уран калдыктарын сактоого жардам берүүгө макул болду. Ал тийиштүү адистерди даярдоого көмөктөшүп, алар долбоорлорду түзүшөт.

Министрдин айтымында, Орусия уран калдыктарын сактоо долбоорун иштеп чыгууга 60 миңге жакын доллар бөлүп берүүгө макул.

Кыргыз-орус мамиле-катышынын кийинки жылдары кыйла жанданып кеткенине айрым аналитиктер ишенбөөчүлүк менен карашат. “Атамекен” социалисттик партия жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөнкул Чотоновдун пикири боюнча, Орусия саясий кызыкчылыгы кыстап келгенде гана Кыргызстанды эстейт:

- Акыркы жылдары бизде “Орусия менен өзгөчө жакынбыз, Америка, Кытайга караганда бизге жакын” деген сөздөр көбөйүп, көбүрөөк каттай баштадык. Орусия менен мамилебизди чечебиз десек, эң биринчи иретте Орусияда жүргөн кыргыз соодагерлеринин абалын жакшыртышыбыз керек эле. Бирок андай экономикалык мамилелер дагы эле чечиле элек. Орусия биз керек болуп калганда гана эстейт, андай болбогондо бизди унутуп коюп жүрөт.
XS
SM
MD
LG