Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

КЫРГЫЗСТАНДА БЫЙЫЛ ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫ КӨП БОЛООРУ КҮТҮЛӨТ


Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Каратарык айылындагы Сөгөт аттуу жерде 20-апрелде жер көчкү жүрүп, ал 13 турак үйдү басып калды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, бул кырсыкта 38 адам набыт болду. Чоң же чакан деңгээлдеги мындай кырсыктар өлкөдө маал-маалы менен кайталанып турат.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жаратылыш кырсыктары жылдагыдан арбын болушу күтүлөт. Бул ириде өлкөнүн аймагында кардын жана жаандын арбын жаап жатышы менен байланыштуу. Анын кесепети тийген аймактардын бири - Өзгөн районундагы Каратарык айылы. Азыр бул аймакта акыркы 30 жыл ичинде көчкүгө ыктаган жердин жалпы көлөмү 10-12 миллион куб метрге жетти. 20-апрелде анын 1,5 млн кубу көчтү. 40ка чукул адамдын өлүмүнө алып келген бул Сөгөт көчкүсүнө 1994-жылдан бери байкоо жүргүзүлүп, жер которуу жергиликтүү элге бир канча ирет сунушталган. Мындай эскертүүлөр жылына бардык кооптуу аймактарга байланыштуу кайталанып турат. Быйыл да жыл башында эскертилген.

- Эскертүү иретиндеги божомол материалдар жыл башында эле президентке, премьер-министрге, Коопсуздук Кеңешине, облустук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү бийликтерге берилген, - дейт министрликтин өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев.- Бул божомол материалдарда ар бир айыл өкмөт, турак үйлөргө чейин көрсөтүлгөн. Жаандын көптүгүнөн быйыл айрыкча Өзгөн, Базаркоргон, Аксы, Алай райондорунда, Сузактын жогору жагында көчкү коркунучу күчтүү экенин марттын башында эскерткенбиз.

Бул - түштүк аймагында гана болоору күтүлгөн кырсыктар. Алардын ичинен Сузактын Көкарт суусунда, Алайдын Гүлчө, Чоңбүлөлү аймактарында да кооптуу жагдай түзүлүүдө. Мындай жайлар калган региондордо да аз эмес. Маселен, Айталиев мындай дейт:

- Эгер Нарын районун ала турган болсок, Нарын шаарынын тегерегинде сел коркунучу сакталып турат. Атбашы дарыясынын жээгине да быйыл көп суу келиш коркунучу бар. Ага азыртан баштап чаралар көрүлүүдө. Ысыккөл аймагында жер астындагы суулар көтөрүлүп, үйлөрдүн бузулушуна алып келиши күтүлөт. Талас аймагын алсак, масштабы боюнча чакан дарыялар болгону менен, алардын ылдамдыгы сел жана суу ташкындарына алып келе турган жагдай түзүп атат. Талас шаарынын тегерегин алсак, бул жерде да жер астындагы суулар көтөрүлүүдө.

Министрлик өкүлүнүн билдиргенине караганда, тармактын башкы максаты - жаратылыштын мал-жанга коркунуч алып келе турган кооптуулугун калкка жана тиешелүү тармактарга эскертип, алдын алуу чараларын көрүү. Бул милдетти министрлик аткарып келатат.

Бирок, мындай пикир коомчулуктун бардык өкүлдөрүн эле ынандыра бербейт. Айрымдар мал-жандын үзгүлтүксүз зыян тартып келатышын бийликтин ырааттуу саясатынын жоктугу менен байланыштырышат. Маселен, укук коргоочу Турсунбек Акун мындай дейт:

- Жеке эле Өзгөн районунда эмес, бардык жерде: Алайда, Каракулжада, Теңиртоодо, Түптө, Тоңдо кырсык коркунучу турат. Бардыгы тоолуу жерлер да. Атбашы суусунун жээгин жакында барып текшеришти, кокус суу кирсе, Атбашы айылынын жарымын алып кетиши мүмкүн. Мына ушуга байланыштуу комплекстүү, көп жылга эсептелген план иштеп чыгыш керек эле. Бизде андай пландар жок. Акчанын баарын «жер көчкүлөргө, тияк-биякка кетирдик» деп өздөрү «жеп» алышат. Мына анын акыры эмне болду? Эми бир да мамлекеттик кызматкер буга байланыштуу жазаланбайт. Ссуда бөлүмүш болот, ушуну менен бүтөт. Мисалы Тосойдогу жер көчкү же Ташкөмүрдөгү шахта боюнча бир адам жазаландыбы? Коомчулук, эл алдында отчет берилдиби? Угумуш эткен парламентарийлердин жарымынан көбү «чөнтөк» депутаттар экен, өкмөттү колдошот.

38 кишинин башын жеген Сөгөт кырсыгы акыркы он жыл ичиндеги жаңы кырсык эмес. Адамдын өмүрүн алган ушундай жер көчкү 1990-жылдардын ортосунда Өзгөн районунун Комсомол айылында болгон. Материалдык жана моралдык чыгымдарга алып келген ушундай эле жаратылыш кырсыктары акыркы жылдары Алай, Сузак, Майлысуу аймактарында да кайталанган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG