Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН БИРГЕЛЕШКЕН КӨЗӨМӨЛ ТОБУНУН ЖЫЙЫНЫНА ӨЗБЕКСТАН ЭМНЕГЕ КАТЫШПАЙ ЖАТАТ?


20-апрелде Бишкекте башталган Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун жыйынына Өзбекстандын өкүлдөрү келишкен жок. Алгач «Шанхай бештиги» деп түзүлгөн бул уюмга 2001-жылдын июнь айында Өзбекстан мүчө болуп киргенден кийин ал Шанхай Кызматташтык Уюму деп атын өзгөрткөн болчу. Бул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан жыйынга Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышпай жатышынын себептери кандай?

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун жыйынына Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышпай жатышы саясатчылардын башын катырган табышмакка айланды. Жогорку Кеңештин депутаты, Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыш боюнча комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов да Бишкектеги жыйынга Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышпай жатышына таңгалганын жашырган жок.

- Мен алган маалыматтарга караганда, Өзбекстандын өкүлдөрү бул жолу Шанхай уюмунун жыйынына келишкен жок. Бирок анын себептерин азырынча ырасмий түрдө тактай элекмин, - деди депутат Алишер Абдимомунов.

Көрсө, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун жыйыны бул уюмдун Кытай менен чек арасы кесилишкен мамлекеттеринин ортосунда гана өтөт экен. Бул маселе тууралуу 21-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына Орусия президентинин Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча атайын өкүлү Виталий Воробьев айтып берди.

- Белгилеп койо турган нерсе, - дейт Виталий Воробьев, - Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобуна Кытай менен чектеш аймактардагы аскердик ишенимди арттыруу жана аскер күчтөрүнүн санын чектөө жөнүндөгү 1996- жана 1997-жылдагы келишимдерге кол койгон мамлекеттер гана кирет. Ушул келишимдин негизинде беш мамлекеттин - Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын ортосунда кызматташуу күчөп, натыйжада «Шанхай бештиги» уюму пайда болгон. Ага Өзбекстандын кошулганын табыйгый көрүнүш катары караган оң. Себеби, бул ири окуядан Борбордук Азиядагы ири мамлекет катары Өзбекстандын четте калышы мүмкүн эмес эле. Бирок Кытай менен чек аралаш болбогондон кийин Өзбекстан Шанхай уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун ишине катышпайт.

Мындай пикирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Улан Жусупов да бышыктады:

- Өзбекстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуп эсептелет. Бирок Кытай менен чек арасы кесилишпегенден улам, Бишкектеги жыйынга Өзбекстан катышкан жок.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобу 1996-жылы Шанхайда Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекет башчылары кол койгон «Чек ара аймактарындагы аскердик ишенимди арттыруу жөнүндөгү» келишимдин жана 1997-жылы Москвада ушул эле өлкөлөрдүн жетекчилери кол койгон «Чек ара аймактарында жайгашкан аскер күчтөрүн азайтуу жөнүндөгү» келишимдин негизинде иш алып барат.

Өзбекстан «Шанхай бештиги» уюмуна 2000-жылдын июнь айында кошулган. Ошондон кийин «Шанхай бештиги» Шанхай Кызматташтык Уюму болуп кайра түзүлгөн. 2000-жылдын 15-июнунда Шанхайда бул уюмдун калган мүчөлөрү сыяктуу эле Өзбекстан дагы «Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөш жөнүндөгү конвенцияга» кол койгон. Өзбекстан ошондой эле аймактар аралык антитеррордук структура тууралуу келишимди да активдүү колдоп келет.

Талдоочулардын пикиринде, эч кайсы аскердик бирикмеге же блокторго кошулуудан четтеп келген Өзбекстан «Өзбекстан ислам кыймылы» аттуу жоочулардан калканыч издөө максатында Шанхай Кызматташтык Уюмуна кошулган. Айткандай эле, 1999-2000-жылдардагы Кыргызстандын Баткен аймагындагы кандуу окуяларды тутанткан жоочулар «түп максатыбыз - Өзбекстандагы бийликти алуу» дешкен эле.

Жоочулардын каруу-жарагы колдон түшүп, 3 жылдан бери аймакта бейпилдик орносо да Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы жагымсыз окуялар байма-бай кайталанчу болду. Чек араны кайтаруу шылтоосу менен курал көтөргөн аскерлер карапайым адамдарга ыдык көрсөтүп, шылдыңдаган учурлар көбөйдү.

Өзбекстандын Шанхай уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобуна мүчө болбогонунан улам, чек арага жакын жайгашкан Өзбекстандын аскер күчтөрүнүн санын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан көзөмөлгө алалбай келатышат. Орусия президентинин Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча атайын өкүлү Виталий Воробьев бул маселени ар бир мамлекет өз ара чечип алганы оң деп эсептейт. Айтмакчы, Виталий Воробьев «Шанхай уюмунун авиабазасы ачылышы мүмкүн» деген маанидеги маалыматтарды «эч бир чындыкка коошпойт» деп жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG